Зордук-зомбулукту



Pdf көрінісі
бет10/18
Дата15.03.2017
өлшемі4,11 Mb.
#9491
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   18

71
 
 
 

Ошондой
  эле  окуучуну  тапшырманы  аткарган,  дистанцияны  чуркап  өткөн, 
иш
-чарага  катышпаган  жалгыз  окуучу  катары,  аны  кемсинтип  албаш  үчүн 
жана
 шылдыңга кабылбаш үчүн, белгилеп көрсөтпөңүз. Класста (топто) му-
галим
 өтө “жакшы көргөн”, жана ачык эле жактырбаган окуучулар болбошу 
керек
.  

Окуучунун
 инсандык сапаттарын бүтүндөй класс (топ) алдында талкуулаба-
ңыз
 жана баалабаңыз:  окуучуларды,  алардын жөндөмдөрүн,  көндүмдөрүн, 
жетишкендиктерин
 салыштырбаңыз, окуучулардын кемчиликтерин жана на-
чар
 жактарын, ага карата шылдыӊ жана кодулоону көкүтүп жибербөө үчүн, 
талкуулабаңыз
. Атаандаштыкты эмес, кызматташтыкты колдоңуз.  

Өзүңүздүн
  жеке  мисалыңыз  менен  окуу  жамаатынын  бардык  мүчөлөрүнө 
сый
  мамилени  көрсөтүңүз,  окуучуларга  өздөрүн  кантип  туура  алып  жүрүү 
керектигин
  түшүндүрүңүз.Адамдын  жынысынан,  этникалык  тегинен,  улуту-
нан
,  диний  көз  караштарынан,  жашоо  деңгээлинен,  инвалиддиктин  же 
оорунун
 бар болушунан, гендердик окшоштуулугунан улам  анын кадырын 
кемсинткен
,  сыйлабаган  (дискриминациялык)  жүрүм-турумду  же  айтылган 
сөздөрдүн
 бир дагы окуясын кароосуз калтырбаңыз. 

Жазалоочу
 эмес,  тарбиялоочу мүнөздөгү дисциплинардык чараларды кол-
донуңуз
. Окуучуга сөгүш берип жатып, анын инсандыгына эмес, анын жору-
гуна
  жана  анын  мүмкүн  болгон  кесепеттерине  мүнөздөмө  бериңиз.    Эмне 
болгондугун
 сүйлөшүңүз, окуучу өзүн дайыма ушундай алып жүрөт деп жы-
йынтыктарды
 чыгарбаңыз.Бул негативдүү жүрүм-турумду ого бетер бекем-
детет
.  

Айрым
 бир окуучунун тартип бузгандыгы үчүн, кандайдыр-бир жоругу үчүн 
же
  анын  жамааттык  тапшырманы  аткарууга  жөндөмсүздүгү  үчүн  бүтүндөй 
классты
 жамааттык жоопкерчиликке тартпаңыз;   

Класста
  кабыл  алынбаган,  же  сабакта  системалуу  түрдө  тартипти  бузган-
дарды
  өзүнө ишенген, классташтар арасында жана агрессивдүү эмес теӊ-
туштарда
 белгилүү бир авторитетке ээ болгон окуучунун жанына отургузуу 
керек
.  Кабыл  алынбаган  окуучуларды  өзүнчө  отургузуу  менен изоляцияны 
ырбатып
 жибербеңиз Эгер активдүү жана агрессивдүү жүргөн окуучу өзүнүн 
тынч
  кошунасына  тийишсе,  таарынтса,  анда  мындай  жүрүм-турумдун  бе-
кемделишине
 жол бербестен, алардын ордуларын алмаштырыңыз;.  

Бөлүнүп
  кошулбаган  балдар  бар  класста,  командалык  же  топтук  иш-
чараларды
 өткөрүүдө, аларды бир да команда тандабай калган кырдаалга 
туш
  болбош  үчүн,окуучуларды  алдын-ала  бөлүштүрүңүз.  Мындай  класста, 
мүмкүн
  болушунча,  утулуп  калганда  оолактагандарды  күнөөлөбөш  үчүн, 
мелдеш
 жана атаандаштыктан качыңыз; 

Жөпжөнөкөй
  окуучуга  өзүнүн  жамаат  үчүн  пайдалуулугун  көрсөтүүгө  жар-
дамдашыңыз
.  Аны,  өз  жөндөмдөрүн  жүзөгө  ашыра  алган,  класстын  иш-
чарасына
  катышууга  кызыктырыңызБиргелешкен  ишмердүүлүк  жамаатты 
бириктирет
.  

Окуучуга
  өз  репутациясын  сактоого  же  калыбына  келтирүүгө,  “жүзүн  сак-
тоого
” жардам бериӊиз. Эгер ал тартип бузса же ыңгайсыз кырдаалга түш-
сө
, ага баарын ордуна келтирүүгө, оңолууга  шанс бериңиз; 
 

 
 
Зомбулук кљрсљтїлгљн кырдаалдар тууралуу маалымдоо  
Окуучулар чөйрөсүндө жана окуучулар менен билим берүү мекемесинин кызмат-
керлеринин ортосунда пайда болуучу агрессивдүү жүрүм-турум, зомбулук же аны жа-
соо аракеттери, конфликттер чыккан фактылар тууралуу маалыматтарды өз убагында 
алуу максатында мектеп администрациясы мындай маалыматтарды билдирүүнүн жө-
нөкөй (ошол эле убакта коопсуздукту жана конфиденциалдуулукту камсыздаган) ыкма-
ларын жана каражаттарын карап чыгышы керек. Бул тууралуу (оозеки жана эскертме-
лер,  буклеттер,  күндөлүктүн  салымдары  ж.б.  аркылуу  жазуу  түрүндө)  бардык  окуучу-
ларга, ата-энелерге жана окуу жайдын кызматкерлерине маалымдоо керек. Зомбулук 
жасалган  учур  тууралуу  маалыматтарды  жеткирүүнүн  ыкмалары  ар  түрдүү  болушу 
мүмкүн,  жана  алардын  баары окуучулардын,  ата-энелердин жана  билим  берүү  меке-
месинин кызматкерлеринин ортосунда ишенимдүү мамилелер орногондо гана иштеши 
мүмкүн.  
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндөгү кодексине ылайык, балдардын мый-
замдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана зомбулуктун алдын-алуу макса-
тында  Омбудсмендин  аппараты  тарабынан  Кыргызстандын  ыкчам  оперативдүү  кыз-
маттарынын Тизмесине кирген “Кызуу линия” (кыска акысыз “115” номери) уюштурул-
ган. 
Коопсуздук кызматынын кызматкерлери видеобайкоо же мектепти жана ага 
тиешелүү  аймакты  кыдырып  карап  чыгуу  аркылуу  зомбулук  окуяларынкаттаганда, 
ошондой  эле  окуучулардан,  ата-энелерден  же  кызматкерлерден  билдирүүлөрдү  ал-
ганда,  ошол  замат  окуя  тууралуу  мектептин  жетекчилигин  кабардар  кылышы  керек.  
Зарылдыкка  жараша  укук  коргоо  органдарынын  кызматкерлерин  телефон  боюнча  же 
“коркунуч баскычынын” жардамы менен чакыруу керек.  
Окуучулар  класс  жетекчиге,  кезек  өтөгөн  мугалимге,  коопсуздук  кызматын  кыз-
маткерине же башка кызматкерлерге чыныгы же божомолдонгон зомбулук актысы туу-
ралуу оозеки, телефон боюнча, смс-билдирүү аркылуу (эреже катары, класс жетекчи-
нин  телефонунун  номери  окуучуларга  жана  алардын  ата-энелерине  белгилүү  болот) 
же кат аркылуу билдире алышат. Класс жетекчи окуучулар менен коркунуч жаралган 
учурда жана чоңдордун кийлигишүүсү зарыл болгон учурларда кандайдыр-бир шарттуу 
белгилердин колдонулушун сүйлөшүп алса болот. мындай белгилерге жана “коркунуч 
шарттуу белгилерине” белгилүү бир айтымдар, сөздөр, окуучулар күндөлүккө (дептер-
ге) салып койгон же мугалимдин столуна коюп койгон кайсыл-бир буюм болушу мүм-
күн.  
Педагогдор  зомбулук  окуясы  тууралуу  маалымдоонун  максаты  –  бул  зомбулук 
көрсөткөн  адамды  жазалоо  жана  артынан  түшүү  эмес,  бул  анын  кесепеттеринин  ал-
дын-алуу үчүн өз убагында кийлигишүү экендигин түшүндүрүү керек. Окуучулардын кө-
нүлүн, коркунуч анчейин кооптуу эмес болгон кырдаалдар тууралуу да билдирүү, маа-

Окуучулардын даттанууларын көӊүл кош калтырбаңыз. Окуя анчейин маа-
нилүү  болбосо  да  жана  дароо  кийлигишүүнү  талап  кылбаса  да,  окуянын 
чын-төгүнүн билүү үчүн жана өз убагында чараларды көрүү үчүн кырдаалга 
көзөмөл жүргүзүп байкоо салыӊыз. Окуучулардын бири-бирине карата айт-
кан  “катуу  сөздөрү”,  кордогон  жазуулар  жана  сүрөттөр, агрессивдүүлүктүн 
башка  көрүнүштөрү  көӊүл  кош  калбашы  керек.  Зомбулук  тууралуу  билди-
рүүлөргө же кодулоо тууралуу арызданууларга жооп катары: “Даттанганды 
токтот!”, “Өзүӊө бек турганга үйрөн!”, “Өзүӊөр чечишип алгыла!” деп айтууга 
таптакыр жол берилбейт. 
 
72

нилүү экендигине буруу керек – чатак тез эле катуу мушташка, “чатакка”, дайым кайта-
лануучу кодулоого жана буллингке өтүшү мүмкүн.  
Окуучулардан келип түшкөн зомбулук фактылары же анын болушу божомолдон-
гондугу тууралуу маалыматтарга билим берүү мекемелеринде ыкчам жана ыктуу чара 
көрүлүшү керек. Маанилүүсү зомбулук тууралуу кабарлаган окуучуну көнүл кош мами-
ле кылуу менен, ишенбестик же дароо эле окуянын бардык деталдарын айтууну талап 
кылуу менен чочутуп алыстатып албаш керек. Болбосо кабарлап жаткан адам коркуп, 
өзүнө жашырынышы мүмкүн, жана зомбулук фактысы ачылбаган бойдон калат. 
Ата-энелер зомбулук фактысы же окуучулар же окуу жайдын мугалимдери тара-
бынан  алардын  балдарынын  же  башка  балдардын  зомбулукка  кабылып  жаткандыгы 
боюнча өздөрүнүн кооптонуулары тууралуукласс жетекчиге, директордун орун басары-
на  же  мектеп  директоруна  (ал  эми  ал  жок  болгон  учурда  кезек  өтөгөн  мугалимге  же 
администраторго) жеке жолугушканда, телефон боюнча, же электрондук почта аркылуу 
билдире алат. Алар ошондой эле өздөрүнүн билдирүүлөрүн билим берүү мекемесинин 
жетекчисинин наамына, билим берүү башкармалыгынын жогорку органына, укук коргоо 
органдарына жана укук коргоо уюмдарына арыз формасында билдире алышат. 
Билим берүү мекемесинин кызматкерлери бардык байкалган же божомолдон-
гон зомбулук окуялары тууралуу класс жетекчиге, директордун орун басарына, дирек-
торго, ал эми алар жок болгон учурда кезек өтөгөн мугалимге жана администраторго 
маалымдашы керек.Зомбулук фактылары жашырылган же окуу жайдын жетекчиси та-
рабынан колдоого ээ болгон учурларда, кызматкерлер билим берүү башкармалыгынын 
жогорку органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылышы керек.  
Окуучулар,  ата-энелер  жана  педагогдор  мектептин  сайтын  пайдалана  алышат, 
андагы “билдирүүлөр” же “суроо-жооп” бөлүмүнө кирип билим берүү мекемесинин ад-
министрациясына  зомбулук  болгон  окуялар  тууралуу  маалымдама  жазышат.  Алар 
ошондой эле атайын “ишеним телефондоруна” СМС-билдирүүлөрдү жиберүү менен же 
ал боюнча оозеки формада директордун зомбулуктун алдын-алуу жана ага жооп кай-
таруу боюнча орун басарына маалымдай алышат. 
Билим  берүү  мекемесинин  жетекчилигин  дарегине  кайрылууларды  токтоо  үчүн, 
анын ичинде зомбулук фактылары тууралуу билдирүүлөрдү чогултуу үчүн, окуучулар 
үчүн  ачык  көрүнүктүү  жерде  (коридордо,  вестибюлда)  “ишеним  почтасы”  орнотулушу 
мүмкүн. Ага кереги жок маалыматтардын кошулуп кетишин жокко чыгаруу үчүн, бардык 
окуучуларга  анын  максатын  түшүндүрүү  зарыл.  Башталгыч  класстар  үчүн  мугалим 
класстын ичинде эле чакан кутуча орното алат.  
Окуучулардан,  ата-энелерден,  билим  берүү  мекемелеринин  кызматкерлеринен 
келип  түшкөн,  зомбулуктун  божомолдогон  же  чыныгы  окуялары  тууралуу  билди-
рүүлөрдүн  баары,  ошондой  эле  анонимдүү  билдирүүлөр  келип  түшкөн  күнү  болгон 
окуяны/зомбулук  окуяларын  каттоонун  атайын  формасы  боюнча  каттоодон  өткөрүлөт 
(тиркеме 10) жана директордун зомбулуктун алдын-алуу жана зомбулукка жооп кайта-
руу боюнча жооптуу орун басары тарабынан изилденет, ал өз учурунда маалыматтар-
ды  директорго  кабарлайт,  тиешелүү  чараларды  кабыл  алуу  үчүн  алардын  иликтени-
шин уюштурат.  
 
Зомбулук кљрсљтїлгљн учурларды аныктоо. 
Ар  түрдүү  себептерден  (мугалимдерге  ишеним  артпоо,  алар  жардам  берерине 
ишене албоо, андан да чоӊ зомбулуктан коркуу, баштан кечирген кодулоо үчүн уялуу 
жана  зомбулук  көрсөткөндөргө  каршылык  кыла  албоо  ж.б.)  улам  көптөгөн  окуучулар 
баштарынан өткөргөн зомбулук же уланып жаткан буллинг тууралуу маалымдашпайт. 
Ошондуктан зомбулук фактыларын аныктоодо педагогдордун жана билим берүү меке-
месинин  башка  кызматкерлеринин  баамчылдыгы,  алардын  окуучуларга  карата  көӊүл 
73

бурган мамилеси жана окуучулардын жүрүм-турумундагы жана маанайындагы оӊ эмес 
симптомдорду өз убагында байкоо жөндөмдүүлүгү өзгөчө мааниге ээ.  
Окуучу мектептеги конфликт жана зомбулуктан улам, стресс абалында болушунун 
белгилери:  

 
Белгилүү бир күндөрдө жана (же) сааттарда сабактарды калтыруу; сабакка кечи-
гүү;  объективдүү  себептери  жок  сабактан  тышкаркы  иш-чараларга  катышуудан 
баш тартуу;  

 
Сабакта өзүн жаман сезип тургандыгы тууралуу көп айтуусу; 

 
Түнттүүлүк, өзүнө катынуу, өзүн-өзү изоляциялоо же башка окуучулар тарабынан 
изоляцияланышы; 

 
Сабакка  жетишүүнүн  кескин  начарлашы,  окууга  жана  башка  сабактарга  болгон 
кызыгуунун жоголушу; 

 
Теӊтуштарга  жана  чоңдорго  ишенбөө,  өзүн-өзү  баалоосунун  төмөндүгү,  өзүнө 
ишенбегендиги; 

 
Унутчаактык, көӊүл бурбагандык, ойду бир жерге топтой албагандык; 

 
Дайыма  же  көп  учурда  тынчсызданган,  чыңалган  абалда  болуу;  катуу  үндөрдөн 
жаан кескин кыймылдардан чочуу, коркуу; 

 
Дайыма же көп убакта көңүлү пас, кыйналган абалда, маанайы пас, же, тескери-
синче, гиперактивдүү, кыжырданган, агрессивдүү болушу;  

 
Маанайынын кескин жана себепсиз өзгөрүп турушу; 

 
Жеке  буюмдарды  (мобилдик  телефон,  рюкзак,  окуу  китептерин  ж.б.)  көп  учурда 
жоготуу же тытуу; дененин көгөргөн, тытылган жерлеринин болушу, тытылган же 
бырышкан кийимдер;  

 
Жогоруда  сүрөттөлгөн  абалдардын  жана  жүрүм-турумдун  себептерин  түшүндү-
рүүдөн баш тартуу же чындыкка сыйбаган түшүндүрмөлөрдү берүү.  
Мектептеги  же  класстагы  зомбулуктун  эрте  аныкталышына  социометрикалык 
изилдөө көмөктөшөт – инсандар аралык жана топтор аралык мамилелердин диагнос-
тикасы, психологиялык климатты үйрөнүү – алардын жыйынтыктары боюнча көйгөйлүү 
өз  ара  мамилелерди,  конфликттик  кырдаалдардын  жаңыдан  калыптанып  жаткан  учу-
рунда аныктоого жана өз убагында аларды чечүүгө болот.  
Мындан тышкары, социалдык-психологиялык климатты (ыктыярдуулуктун, конфи-
денциалдуулуктун жана анонимдүүлүктүн принциптерин милдеттүү түрдө сактоо менен 
жүргүзүлгөн) маал-маалы менен үйрөнүү алдын-алуучу чаралардын жана зомбулукка 
карата көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун баалоого мүмкүндүк берет. 
 
 
Зомбулук кљрсљтїлгљн учурларга жооп кайтаруу 
 
Зомбулукту токтотуу 
Кодулоонун же мушташтын күбөсү болгондо, же ал тууралуу билип калганда окуу 
жайдын  кызматкерлери  ошол  замат  кийлигишиши  керек,  зарыл  болгондо,  жардамга 
сакчыны же кесиптештерин чакырышы керек. Негизги милдет – тараптарды ажыратуу, 
зомбулукту  токтотуу  жана,  зарыл  болгон  учурда,  жабырлануучуга  алгачкы  медицина-
лык  жардам  көрсөтүү.  Окуучулар  да  ушундай  кылышы  керек  –  дароо  чоӊ  кишилерге 
маалымдоо,  катышуучуларды  зомбулукту  токтотууга  чакыруу,  мушташкандарды  ажы-
ратуу, эгер бул анын коопсуздугуна  коркунуч жаратпаган болсо.  
 
Алгачкы жардамды кљрсљтїї 
Медициналык  кызматкер  келгенге  чейин  же  ал  жок  болгон  учурларда  жабырла-
нуучуга алгачкы жардамды билим берүү мекемесинин кызматкери көрсөтөт, ал жабыр-
74

лануучудан  травмаларды  жана  жараттарды  аныктаган  (же  бар  деп  күмөн  санаган) 
учурда тез медициналык жардамды чакырат жана болгон окуя тууралуу ата-энелерге 
(эгер жабырлануучу окуучу болгон болсо) дароо кабарлайт.  
 
Окуя тууралуу билдирїї 
Инцидент тууралуу конфликтин катышуучуларынын класс жетекчисине (класс же-
текчилерине) , билим берүү мекемесинин директорунун жооптуу орун басарына, билим 
берүү мекемесинин директоруна, алар жок болгон учурда  – кезекчи администраторго 
кабарлоо  керек.  Кырдаалга  жараша,  зомбулуктун  мүнөзүнө  жараша  жана  анын  кесе-
петтерине  жараша  билим  берүү  мекемесинин  директору  ал  тууралуу  билим  берүү 
башкармалыгынын  жогору  турган  органына,  укук  коргоо органдарына жана жергилик-
түү администрацияга маалымдайт.  
 
Окуяны талдоо жана каттоодон љткљрїї 
Инциденттен кийин дароо эле ар бири менен, жабырлануучулар, зомбулук көрсө-
түүчүлөр  жана  күбөлөр  менен  өз-өзүнчө  сүйлөшүү  керек.  Мындай  сүйлөшүүлөрдү, 
эреже катары, класс жетекчи жүргүзөт, зарыл болгон учурларда ага окуу жайдын пси-
хологу  да  катышат.  Эгер  зомбулуктун  мурда  болгон  фактысы  тастыкталса,  анда  би-
ринчи  сүйлөшүүнү  жабырлануучу  менен  жүргүзүү  керек,  жана  ал  сүйлөшүүнү  жабыр-
лануучу ишеним арткан педагог өткөргөнү оӊ. Андан кийин зомбулук көрсөткөн тарап 
менен жана күбөлөр менен сүйлөшүү керек.  
Бул этапта, окуянын катышуучулары менен иш алып баруунун кийинки тактикасын 
аныктоо үчүн окуяны талдоо керек. Окуяны талдоо төмөнкүлөрдү аныктоону шарттайт:  

 
Зомбулуктук  жана  дискриминациялык  аракеттерди  жасоо  фактысынын  реал-
дуулугу; 

 
Ал аракеттердин узактыгы жана кайталануусу (биринчи жана жалгыз факт, кайта-
лануучу зомбулуктук аракеттер же системалуу түрдөгү кодулоолор - буллинг); 

 
Окуя болуп жаткан учурдагы аракеттердин жана шарттардын мүнөзү; 

 
Аракеттердин  катышуучулары  (жабырлануучу,  демилгечи/  уюштургуч,  активдүү 
жактоочулар, күбөлөр, коргоочулар); 

 
Жабырлануучунун абалы; 

 
Зомбулуктук же дискриминациялык аракеттерди жасоого мотивациялоо; 

 
Болуп жаткан окуяга карата, жабырлануучуга карата жана зомбулук көрсөтүүчүгө 
карата күбөлөрдүн мамилеси;  

 
Болуп жаткан окуянын динамикасы, бардык катышуучулар үчүн зомбулуктун мүм-
күн болгон кесепеттери жана кырдаалдын өнүгүшүнүн болжолдуу модели

 
Окуяны  талдоонун  жүрүшүндө  катышуучулардын  ата-энелери  менен  сүйлөшүү 
талап кылынышы мүмкүн. 
Болгон  окуянын  картинасы  такталгандан  кийин,  бул  окуя  тууралуу  маалымат 
окуяны (зомбулук окуясын) каттоо формасына класс  жетекчи же иликтөөнү жүргүзгөн 
башка  кызматкерлер  тарабынан  жазылат,  жана  директордун  жооптуу  орун  басарына 
берилет, ал зомбулук окуяларын каттоо журналына (маалыматтардын электрондук ба-
засына) тиешелүү жазууларды жасайт жана директорго кабарлайт.  Окуяны (зомбулук 
көрсөтүлгөн учурду) жана кабыл алынган чечимдерди каттоонун үлгүлүк формасы ти-
кеме 10 берилген.  
 
 
75

Зомбулук  окуясын  кылдат  анализдөө  жабырлануучуларга,  зомбулук  көрсөткөн-
дөргө жана күбөлөргө жардам көрсөтүүнүн туура стратегиясын аныктоого, катышуучу-
ларга  карата  тиешелүү  тарбиялык  жана  дисциплинардык  чараларды  кабыл  алууга 
мүмкүндүк берет. Тарбиялык чараларды көрүү тууралуу чечимди класс жетекчи, зарыл 
болгон  учурларда  психолог,  социалдык  педагог,  башка  мугалимдер  жана  мектеп  же-
текчилиги  менен  кеӊешип,  кабыл  алат.  Дисциплинардык  таасир  тийгизүүнүн  чарала-
рын билим берүү мекемесинин директору тарабынан класс жетекчинин, психологдун, 
социалдык  педагогдун,  баланын  укуктары  боюнча  ыйгарым  укуктуу  тараптын  көз  ка-
раштарын  жана  окуяны  талдоо  боюнча  комиссиянын  (алдын-алуу  боюнча  кеӊеш)  су-
нуштамаларын эске алуу менен аныкталат. 
 
Жабыр тарткандарга жардам  
Биринчи кезекте, жардам жана колдоо зомбулуктан жабыр тарткан окуучуга талап 
кылынат. Окуя болгондон кийин класс жетекчи (ал жок болгон учурда мугалим же пси-
холог) дароо эле жабырлануучу менен сүйлөшүшү керек, аны толук колдооруна ынан-
дырышы керек, зомбулукту кабылдабоо боюнча өзүнүн (жана жалпы мектептин) пози-
циясын белгилеп көрсөтүшү керек жана сүйлөшүү убактысы тууралуу келишип алышы 
керек. Эгер жагдайлар мүмкүндүк берсе, сүйлөшүү дароо эле жүрүп кетиши ыктымал. 
Сүйлөшүү бөтөн тараптардын катышуусуз жана жабырлануучу айтып алышы үчүн ша-
шылбастан өтүшү керек.   
Мугалим жабырлануучунун эмоционалдык реакциясына (уялуу, таарынуу, кыжыр-
дануу,  күнөөлүү  болуу)  даяр  болушу  керек  жана  болгон  окуянын  маӊызын  аныктоого 
аракет  кылышы  керек.  Жабырлануучу  башынан  өткөргөн  кемсинтүү  жан  кодулоолор-
дон уялышы мүмкүн, жана болгон окуя үчүн өзүн күнөөлүү сезиши ыктымал. Күнөөлүү 
болуу сезиминин жаралбашы же тереңдеп кетпеши үчүн, жабырлануучудан эмне үчүн 
76
 
 
Зомбулук
  болгон  окуяларды  каттоо  журналындагы  биринчи  жазуу  зомбулук 
жасалгандыгы
  тууралуу  билдирүү  келген  күнү  жасалат  (мурда  болгон, 
божомолдонгон
  же  ошол  эле  күнү  болгон).  Журналдагы  экинчи  жазуу  окуя 
талдангандан
  кийин  жасалат.  Эгер  билим  берүү  мекемесинин  жетекчиси 
тарабынан
 кошумча иликтөө дайындалган болсо, анда журналдагы кийинки жазуу 
анын
  жыйынтыктары  боюнча  жасалат.  Конфликттин  катышуучуларына  жардам 
көрсөтүлгөндөн
  жана  дисциплинардык  чаралар  көрүлгөндөн  кийин  журналда 
тиешелүү
 жазуулар жасалат. 
Зомбулук
  жасалган  окуяларга  туш  болгондо  билим  берүү  мекемесинин  бү-
түндөй
  кызматкерлеринин  (административдик,  педагогикалык,  көмөкчү,  техника-
лык
) негизги милдети - конфликттик кырдаалдын катышуучулары үчүн, биринчи ке-
зекте
, жабырлануучу үчүн кесепеттерин азайтуу. Ошондуктан жабырлануучуга ко-
шумча
 психологиялык травма жасабаш үчүн жана окуучулардын жамаатында, ата-
энелердин
 коомчулугунда “паниканы” жаратпаш үчүн зомбулук болгон окуяны ке-
ӊири
 элге жаюунун кереги жок. 
Эгер
  окуя  тууралуу  мектепте  кеӊири  белгилүү  болуп  калса,  анда 
администрациянын
  өкүлү  же  класс  жетекчи  ар  кандай  ушак-айыңдардын 
жайылышын
  бөгөттөө  үчүн  жана  аны  көӊүл  кош  калтырбоого  карата 
чечкиндүүлүктү
  көрсөтүш  үчүн  конфликттин  маңызы  жана  көрүлгөн  чаралар 
тууралуу
  билдирүү  жасашы  керек.  Мындай  билдирүү  конфликттин  жөнгө 
салынышына
 жана билим берүү мекемесинде саламат микроклиматтын калыбына 
келишине
 көмөктөшөт.
 

ага  зомбулук  жасалгандыгы,  зомбулукту  эмне  көкүткөндүгү  тууралуу  сураганга  бол-
бойт.  
 
 
 
 
Мугалим  өзүн  кылдат  жана  чыдамдуу  алып  жүрүшү  керек,  окуучудан,  окуянын 
бардык  деталдарын  талап  кылып,  басым  жасабаш  керек.  А  бирок  айтылгандардын 
аныктыгын  аныктоо  зарыл,  ал  үчүн  тактоочу  суроолорду  берүүгө  болот.  Маанилүүсү 
сүйлөшүү суракка айланып кетпеши керек, ал эми окуучу ага ишенип жаткандыкты се-
зиши  керек.  Балким,  окуучу  толугу  менен  мугалимге  же  психологго  ишенип,  болгон 
окуянын бардык жагдайлары тууралуу айтып бериши үчүн бир нече сүйлөшүү керекте-
лиши мүмкүн.  
 
 
 
Жабырлануучудан кырдаалды чечүүнүн өзүнүн жолдорун сунуштоону сурануу ке-
рек, бул окуя тууралуу ата-энелер билишеби, алар кандай колдоо көрсөтө алыша тур-
гандыгы тууралуу  билүү керек. Эгер окуучунун үй-бүлөсүндө татаал кырдаал, ата-эне 
менен оор мамилелер болсо, алар баланы колдогондун ордуна, болгон окуя үчүн ба-
ланы  күнөөлөшсө,  аларды  болгон  окуя  тууралуу  кабардар  кылуу  максатсыз.  Мындай 
кырдаалда акцентти окуу жай жана жабырлануучунун өзү мугалимдердин жана башка 
окуучулардын  колдоосу  менен  эмне  жасай  алыша  тургандыгына  жасоо  керек.  Бирге-
лешип  жабырлануучунун  зомбулук  көрсөтүүчү  (зомбулук  көрсөтүүчүлөр)  менен  жана 
класстагы  (топтогу)    жана  мектептеги  (окуу  жайдагы)  калган  окуучулар  менен  жүрүм-
турум стратегиясын пландоо керек. Сүйлөшүүнүн аягында кийинки жолугушуу тууралуу 
келишип алуу керек, андан кийин – кырдаалдын толук чечилишине жана кодулоолор-
дун туруктуу токтошуна чейин дайыма байланышты кармап туруу керек.Мектепте пси-
холог  бар  болгон  учурда  анын  жабырлануучу  менен  сүйлөшүүсүн  уюштуруу  керек. 
Балким, окуучуга өзүнүн баалуулугуна, өз күчүнө кайрадан ишенүү үчүн жана кадимки 
жашоого кайтып келүү үчүн индивидуалдуу психотерапиянын бири нече сеансы талап 
кылынышы ыктымал.  
Узак убакыт бою жасалып жүргөн буллинг учурунда же мушташтардын натыйжа-
сында  алган  жараттар  жана  сыныктардан  улам,  жабырлануучуга  адистештирилген 
жардам керек болушу мүмкүн. Окуучунун  ата-энелери менен макулдашуу боюнча со-
Зомбулуктан  жабыр  тарткан  балдар  көп  учурда  болгон  окуя  үчүн  өздөрүн 
күнөөлөй  башташат жана  жада  калса зомбулук  жасагандарды  акташат.  Күнөөлүү 
болуу  комплексинен  кутулуу  үчүн  балага  педагогдор  тарабынан  сөзсүз  колдоосу 
жардам  берет.  Өзүнө  карата  кодулоолор  жасалгандыгы  тууралуу  кабарлаган 
окуучуга,  ал  “чыккынчы  эмес”  экендигин,  “ушакчы”  эмес  экендигин,  өз  алдынча 
кырдаал  менен  алышууга  мүмкүнчүлүк  болбогондо  жардам  алуу  үчүн  кайрылуу  - 
бул кадыресе көрүнүш экендигин да түшүндүрүү маанилүү.
 
Эгер  жабырлануучу  ага  ишенбей  жатышканын  сезип  калса,  ал  эч  нерсе 
айтпай  коюшу  ыктымал  жана  жада  калса  мурда  айткандардан  да  баш  тартышы 
мүмкүн.  Окуучу  анын  айтып  бергендерди,  анын  абалын  начарлатпай  турганына, 
зомбулук  көрсөтүүчүлөр  тарабынан  дагы  чоӊ  кодулоонун  себеби  болбошуна 
ынанышы  маанилүү.  Жабырлануучу  барып  окуя  тууралуу  айтып  берген  мугалим, 
маалыматтарды  сыр  бойдон  сактоо  үчүн  бардык  коргоочу  чараларды  көрүшү 
керек.
 

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   18




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет