КЫРГЫЗ ТИЛИ
136
Сууну төгүп алганын көрүп, бала аябай өкүнөт, бирок ушул суудан
арчанын көгөргөнүн көрүп, анын бир бутагын үйүнө алып келет. Келсе,
энесинин
абалы мурдагыдан да начарлап, өлүм алдында турган экен.
Бала алып келген арчанын бутагын үйдүн ичине түтөтүп, энесине жыт-
татат. Мүрөктүн суусун ичкен касиеттүү дарактан даба таап,
энеси тез
эле айыгып кетет.
Ушундан улам адамдар түрдүү оору-сыркоолордон, капыстан келген
кайгыдан, чертип келген кырсыктан алыс болсун үчүн арчаны түтөтүү
салты калган экен.
Бала апасына жардам бере алдыбы? Кантип? Адамдар арчаны эмне
үчүн пайдаланып калыптыр?
7-ТАПШЫРМА.
Сүйлөмдөрдү ирети менен жайгаштыргыла. Жупта
салыштыргыла
1. Бир күнү энеси катуу ооруп калат.
2. Мүрөктүн суусун ичкен арчанын бутагын түтөткөндө энеси оорудан
тез эле айыгып кетет.
3. Илгери бир абышка-кемпир жашаган экен.
4. Алардын жалгыз баласы болот.
5. Баласы мүрөктүн суусун алып келе жатып, төгүп алат.
Достарыңызбен бөлісу: