Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет17/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19

3. Ролдоштуруп сүйлөшөбүз.
1-кызматкер: 
–  Гезиттерге  көңүл  айтуулар  абдан  көп  жарыяланат.  Бул  туура  эмес  деп 
ойлойм…
2-кызматкер:
–  Жок,  белгилүү  адамдар  жана  алардын  үй-бүлөсүнө  ММК  аркылуу  көңүл 
айтылганы туура, анткени…
 Жазалы
1. Сиз бир мамлекеттин башчысысыз. Коңшу мамлекетте катуу шамал болуп үйлөр кыйроого 
учурап, адам өмүрү да кыйылды. Буга байланыштуу көңүл айтуу катын жөнөтүңүз.
2. Ыр саптарынын маанисин чечмелеңиз.
Ай-ааламда
Чындык бары чын болсо,
Көк асманда
Жылдыз бары чын болсо,
Жер үстүндө
Кыргыз бары чын болсо–
Анда кыргыз бирөө эле.
Башка кыргыз бар экен деп,
Батпа бекер күнөөгө.
  
 
 
(Э. Ибраев)

186
Калия Кулалиева
КУТТУКТОО КАТЫ
Куттуктоо каты иш каттарынын бир түрү. Ар бир уюм, мекеме, ишкана куттуктоо 
катын  жазат  жана  алат.  Куттуктоо  каттары  башка  уюм,  компания,  фирмалардын 
жетекчилерине, жалпы жамаатына расмий жана кесиптик майрамдарда, мекеменин 
же кызмат адамынын турмушундагы орчундуу окуяларга байланыштуу жөнөтүлөт. 
Ал көбүнчө почта, курьер, кээде факс аркылуу жиберилет.
Куттуктоо уюмдун бланкына же атайы даярдалган куттуктоо бланкына жазылат. 
Куттуктоолор  кооздолгон  кагазда  жазылып,  атайын  папкага  салынат.  Куттуктоо 
жамаатка же белгилүү адамга кайрылууну камтыйт. 
Эреже боюнча куттуктоо каттары эркин формада жазылып, көлөмү анча чоң 
болбойт.  Каалаган  учурда  узунураак  жазса  да  болот.  Мисалы,  жаңы  жылдык 
куттуктоо  каттарында  жыл  ичиндеги  ийгиликтер,  жетишкендиктер  айтылып, 
жетекчилердин жеке салымы да эскертилиши мүмкүн.
Ал  биринчи  жактын  көптүк  же  жекелик  санында  жазылат  (куттуктайбыз, 
каалайбыз,  тилектешпиз  же  куттуктайм,  каалайм,  тилектешмин  ж.б.).  Көбүнчө 
биринчи  вариантта  жазылганы  оң,  анткени  ал  жамааттын  атынан  жазылган  кат 
болуп саналат.
Куттуктоо  каттарында  даректер  толук  көрсөтүлүп,  жетекчинин  колу  коюлуш 
керек.  Эгерде  кол  коюу  жалпы  формада  болсо:  «Сиздин  кесиптештериӊиз», 
«Ишкананын жамааты», «Министрликтин кызматкерлери» ж.б. жазылат.
1. Куттуктоо катына мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
урматтуу,  кадырлуу,  кымбаттуу,  куттуктайбыз,  каалайбыз,  тилейбиз, 
ишенебиз, ийгилик, ден соолук, кажыбас кайрат, жаркын келечек ж.б.
2. Туура бириктириңиз.
албан-албан    
келечек 
 
 
чексиз   
 
коноктор
бекем   
 
жашоо
кадырлуу 
 
бакыт
жаркын  
 
ийгилик
бакубат  
 
ден соолук
3. Толуктап жазыңыз.
Урматтуу айымдар жана мырзалар! 
Сиздерди  келе  жаткан  Нооруз  майрамыңыздар  менен  чын  жүрөктөн 
куттуктаймын. ….………………….........................................................................
....................................................................................................................................

187
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
....................................................................................................................................
.…………………………………………………………………………………
………………………………………………………………………………………
………………………………………………………………………………………
Кийинки  окуу  жылында  мындан  да  жогорку  көрсөткүчтөргө  ээ  болуп,  
ийгиликтерибиздин саны арта турганына терең ишенемин.
 Окуйлу
1. Куттуктоого мүнөздүү лексиканы бөлүп жазыңыз.
2. Куттуктоо катынын мазмунун айтып бериңиз.
Урматтуу курстун катышуучулары!
Иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү боюнча атайы уюштурулган курска 
катышып, сынактарды ийгиликтүү тапшырып, сертификатка ээ болушуңуздар ме-
нен чын жүрөктөн куттуктаймын.
Ээ болгон жөн-билги, билимиңиздерди ишиңиздерде ийгиликтүү пайдаланып, 
элге, мамлекетке ак кызмат өтөйсүздөр деп ишенем.
Сиздерге ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана мамлекеттик кызматкер наа-
мына татыктуу адамдардан болушуңуздарды каалайм. 
   
 
 
 
 
 
 
 
Окутуучуңар
3. Боштуктарды толуктаңыз.
Урматтуу Нурдан Мырзаевич!
Сизди  «NC»  корпорациясынын  Директорлор  кеңешинин  …………………… 
болуп шайланышыңыз менен …….  ………………... куттуктайм.
Көп жылдык ………………… жана жогорку кесиптик даярдыгыңыз корпорация- 
нын мындан аркы өсүп-өнүгүүсүн ………………………  деп ишенем.
Ишканалар  аралык  ……………………………  бекемделишин  жана  өнүгүшүн 
тилек кылып, Сизге чың ден соолук, ……………………….. ийгилик каалайм. 
   
«Арзу» жеңил ………… ………….
 ишканасынын  ……………..  
 
 
Ж. Сыдыкова

188
Калия Кулалиева
4. Берилген сөз жана сөз айкаштарына маанилеш (//) сөздөрдү табыңыз.
Урматтуу (//) …………………. кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн (//) …………………………… 20 
жылдык мааракеси куттуу болсун!
Элибизге  бакыбат  (//)  ………………….  жашоо,  жерибизге  тынчтык  орносун 
(//).……………………  .  Мамлекетибиздин  өнүгүшү,  өсүшү  (//)  …………………. 
баарыбыздын(//)………………… колубузда. 
Бардыгыңыздарга ден соолук, ийгилик жана бакыт-таалай каалайбыз.
«Келечек» фирмасы
 Жазуу эрежелери
Кашаа
Сүйлөмдү жазып жаткан учурда андагы айтылган ойду толуктоо, тактоо, ал ой 
жөнүндө бир нерсени эскерте кетүү зарылчылыгы туулат. Ошол өңдүү зарылчылыкты 
ишке  ашыруу  максатында  сүйлөм  ичинде  айрым  бир  сөз,  сөз  айкашы  же  бүтүн 
бир сүйлөм кыстырылып, кошулуп айтылат. Ал көбүнчө сүйлөмдүн ортосунда же 
аягында келет жана жазууда кашаага алынып жазылат. 
1. Мааниси көпчүлүккө кеңири түшүнүктүү болбогон сөзгө түшүндүрмө берет, 
бир тилдеги  сөздү экинчи тилге которуп түшүндүрөт, же терминдин, сөздүн маа-
нисин экинчи бир сөз менен ачып көрсөтөт: Воронкасына (куйгучуна) суюлтулган 
күкүрт же туз кислотасы куюлат. Атомдор (химиялык элементтер)  химиялык 
белгилер менен туюндурулат.  
2. Айтылган сөздүн же ойдун мазмунун толуктоочу, аныктоочу ар кандай ко-
шумча маанилерди билдирет: Байланыштын (почта, радио, телевидение, телефон 
жана телеграф) бардык каражаттары дагы көбүрөөк өнүктүрүлөт. 
3.  Негизги  сүйлөмдөгү  ойго  карата  болгон  сүйлөөчүнүн  ар  кандай  кошумча 
эскертүүсүн, мамилесин билдирет: Илгери бир жолу барганымда (ал кезде эжебиз 
Данаан тирүү), Алымбай чуркап жүргөн бала эле.
4. Драмалык чыгармалардагы ремарка кашаага алынат.
Тырмакча
1) Тике сөз жалпы тексттен бөлүнбөй, анын ичинде берилсе, тырмакчага алы-
нып жазылат: Эмне үчүндүр башка сөз оозума келбей: «Ой, бул эмнең, балам», – 
дептирмин. (Ч.А.)
2) Эгер макал-ылакаптар тике сөз катарында колдонулса, тырмакчага алынып 
жазылат: «Кыңыр иш кырк жылда билинет» деген сөздүн чындыгы бар белем. 
Эгерде  элдик  макалды  сүйлөп  жаткан  киши  өзүнүн  сөзү  катары  пайдаланса, 
тырмакчага  алынып,  алды-артына  төл  сөзгө  тиешелүү  болгон  тыныш  белгилери 

189
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
коюла берет:  Амантур: «Ар бир башта бир кыял, ал кыялды ким тыяр», – деди да, 
акырын ордунан козголду. (А.Уб.)
3.  Сүйлөм  ичине  башка  бирөөнүн  сөзүнөн  бөлүп  алып  киргизилген  айрым 
сөздөр, сөз айкаштары тырмакчага алынып, кичине тамга менен башталып жазы-
лат, бирок алды-артынан төл сөзгө тиешелүү тыныш белгилери (үтүрлүү сызыкча, 
кош чекит) коюлбайт: Ошондогу жаштар кээ бирде азыр да мени «бригадир апа» 
дешет. (Ч.А.) Мен «жаанга калыптыр» дегенди угуп, чыдай албадым.
4.  Чыгарманын  ичинде  келтирилген  бирөөнүн  каты  тырмакчага  алынып 
жазылат.
5.  Өзүнүн    түз    маанисинде  эмес,  каймана  мааниде  же  какшык,  мыскыл 
маанисинде  колдонулган  сөздөр  тырмакчага  алынат:  Бүтүмгө  келишкен 
«жакшыларды» Саадат бээ союп коноктоду. (Т. С.)
6.  Ишканалардын,  гезит-журналдардын,  чыгармалардын  аттары  тырмакчага 
алынып  жазылат:  «Ала-ТВ»  телеканалы,  «Алга»  командасы,  «Кыямат»  романы 
ж.б.
 Көнүгүүлөр
1.  Кашаага  алынып  жазылган  сөздөрдүн  эмне  себептен  ошондой  жазылганын  түшүндүрүп 
бериңиз.
Ал Бишкек (анда Фрунзе) шаардык спорт комитетинин төрагасы болуп 
дайындалган.
Өтө жакырлардын көбү Азияда (538 миллион адам) жана Африкада (210 
миллион адам) жашайт. 
Бул компьютерде кыргыздын үч тыбышын (Ө, Ң, Ү) бир нече ыкма менен 
жазууга болот.
Өзгөчө сиздин дене тарбия сабагында элдик (улуттук) спорт оюндарын 
үйрөнүлүүгө жана ойноого, ал эми эмгек сабагында элдик узчулукту, элдик 
этиканы, этикетти үйрөнүүгө көңүл буруу деген сөздөрүңүз өзгөчө жакты.
2. Кайсы сөздөр тырмакчага алынып жазылат. Эмне үчүн? Түшүндүрүп бериңиз.
Кут билим гезити – Кыргызстандагы агартуу тармагынын көйгөйлөрүнө 
арналган мезгилдүү басылма.
Кут  билим    гезити  совет  доорунда  Мугалимдер  газетасы  деп  аталган. 
Анын орусча басылмасы Учитель Киргизстана деп аталчу.
Биз  редакцияда  таланттуу  акын  Карбалас  Бакировду  (Акыркы  кентавр 
деген китептин автору) тамашалашып Карбалас түшкө чейин акын, түштөн 
кийин Кентавр деп койчубуз, анткени ал түшкө чейин иштеп түштөн кийин 
«куйругун карматпай» кетип калар эле.
Илгери Раев десе Рухту, Рух десе Раевди түшүнөбүз деп тамаша иретинде 
айтып калышчу окурмандар.

190
Калия Кулалиева
3. Кашаа менен тырмакчаны туура коюңуздар.
Биринчи гезит качан пайда болгон?
Байыркы  убакта  ар  түрдүү  маалыматтар  оозеки  таратылып  же  аларды 
саякатчылар  айтып  келип  турушкан.  Кийинчерээк  жаңылыктар,  маалыматтар 
жазылып, атайын тактага илинип турчу. 
Алгачкы гезит 1300 жыл мурун Байыркы Кытайда пайда болгон. Кытай өкмөтү  
Тчинь пао Борбор жаңылыктары   аттуу гезит чыгарган. Байыркы Рим өкмөтү  Акте 
Диурна Күндүн окуялары   деген гезит чыгарып, аны акысыз тараткан. 
XVI  кылымда  гезит  сатыкка  чыгарыла  баштаган.  Венеция  өкмөтү    Нотициэ 
Скриттэ Жазылган жаңылыктар  аттуу гезит чыгарып, анын бир даанасы бир гассетта 
болгон  гассетта Венециядагы акча бирдиги. Эң төмөнкү акча бирдиги бир гассетта 
болгондуктан жана ага бир гезит келгендиктен гезитти гассетта деп атап алышкан. 
Ошондон бери гезиттин газета деген аты калган. XVII кылымда гезиттер туруктуу 
чыга баштап, маалыматты гана эмес комментарийлерди да жарыялап турган. 1663-
жылы мындай гезит Лондондо чыгарылып, ал  Баяндамачы деп аталган. Көпчүлүк 
гезиттер жумасына бир жолу чыгарылган. 
Америкада чыккан биринчи гезит 1690-жылы Бостондо Коомдук окуялар деген 
ат  менен  жарык  көргөн.  1729-1765-жылы  Бенджамин  Франклин  Пенсильвания 
гезитинин чыгарылышын жетектеген. Лондондун  Таймс  газетасы 1785-жылдан 
бери ушу күнгө чейин үзгүлтүксүз чыгарылып келет. 
 Грамматика
Каалоо-тилек ыңгай
Кыймыл-аракеттин  иштелиши,  аткарылышы  үчүн  болгон  каалоону,  тилекти 
билдирген этиш сөздөр каалоо-тилек ыңгай деп аталат. Төмөнкү мүчөлөр аркылуу 
уюшулат: -айын, -йын барайын, санайын
-алы(к), -йлы(к) 
 
баралы(к), санайлы(к)
-гы кел  -гы жок 
 
баргым келет  баргым жок
-гай эле, -са экен 
 
баргай эле, санаса экен
1. Каалоо-тилек ыңгайдын мүчөлөрүн улаңыз.
Ушул жыл тезирээк өт……. ……………………….. .
Баткенди көрүп кел………… дедим эле.
Биз жайлоого бар………………. .
Ала-Арчага барып эс ал…………. …………….. .
Жолугушууга жакшылап даярдан……… …………………. .
Мыйзамдын долбоору бир окуудан кийин кабыл алын…… …………. .

191
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
2. Диалогдорду толуктап жазыңыз.
– Саламатсыңбы, Валерий?
– ……………………… .
– Сен Кыргызстандын ………….. жерлерин ……………… …………….. эле?
– Мен ……………………., ……………………….. көрөйүн ……………. .
– Жолго ………………. …………………….. ?
– Бүгүн кечинде ………………………. кантет?
– Анда, ………… ………… …… көрөлү. Мен сага ……………… кийин чалам.
– Макул, …………………… .
3. Сөздөрдү туура айкаштырыңыз.
окууга   
 
баралык
буйрукту 
 
болгой эле
жайлоого 
 
иштегим жок
ушул жерде    
өтсө экен
бактылуу 
 
колума бергей эле
Максат-ниет ыңгай
Кыймыл-аракеттин  иштелиши,  аткарылышы  үчүн  болгон  ниетти,  максатты 
билдирген этиштер максат-ниет ыңгай болот. Максат-ниет ыңгайды -мак, -макчы 
мүчөлөрү  уюштурат:  Агам  Францияга  эртең  менен  учмак  болду.  Эртең  келип 
көрмөкчүбүз.
-мак  мүчөсүнөн  кийин  эле,  экен,  турсун,  тургай,  бол,  беле,  эмес  сыяктуу 
жардамчы  сөздөр  кошо  айтылат:  Барып  калмак  болду.  Ал  жакка  бармак  эмес. 
Алмакчы белең?  
1. Этиш сөздөргө максат-ниет ыңгайдын мүчөлөрүн улап жазыңыз.
Улан Алтынбекович бүгүн Жайыл районунун тургундары менен ………….. .
Катты кечээ эле ………………………, министрликке чакырып калышпадыбы.
Ишемби күнү да биз …………………………….. .
Анын  ден  соолугун  …………………….  Тургай,  башкага  алым  келбей  араң 
жүрөм.
Бала окууга ……………………………… болду.
Ушу …………………… беле деп, окутпай койбогула.
Жумабек, Медер үйгө …………….. беле?
А сен эмне ………………………… ?
2. Сүйлөмдүн жазылбаган бөлүгүн толуктап жазыңыз.
Иш сапарга кимдер ……………………….. ………………………..?
……………………… ……………………. өткөрмөй болушту?
Кайда барып ……………………. ……………………… болдуңар?
Куттуктоо сөзүн кимдер ……………………………?
Бүгүн Гүлнур Сатылганова ……………………… беле?
Кайсы өлкөлөрдөн коноктор …………………………….. ?

192
Калия Кулалиева
3. Жогорудагы суроолордун жоопторун жазыңыз.
4. Кырдаалга карата максат-ниетиңизди билдириңиз.
Эгерде  мен  Премьер-министр  болсом, …………..…………………………….
……………………………………………………………………………………. .
Эгерде  мен  социалдык  тармакты  башкарсам, ………………………………..
…………………………………………………………………………………….. .
Эгерде  мен  билим  берүү  тармагында  иштесем, ……….……………………
…………………………………………………………………………………….. .
Эгерде  мен  иш  кагаздарын мыкты жаза алсам, ………………………………
……………………………………………………………………………………. .
 Угалы
Текстти угуп, бардык маалым даректерин калтырбай жазыңыз.
 Сүйлөшөлү
1. Куттуктоо каттарды жөнөтүүнүн мааниси эмнеде? Талкуулайлы.
2. Кечээ мен досума куттуктоо катын жөнөттүм. Катта … деген тилектеримди билдирдим.
(Каалоо-тилектерди айтыңыздар)
 Жазалы
1. Каалоо-тилек, максат-ниет ыңгайдын мүчөлөрүн туура колдонуп төмөнкү темаларда тилек, 
максатыңызды билдириңиз.
1. Менин каалоо-тилегим.
2. Досумдун максаты.
3. Элимдин каалоо-тилеги.
2. Макалдын маанисин чечмелеп жазыңыз.
Эки жаман таарынышса амандашпайт,
Эки жакшы таарынышса жамандашпайт.

193
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
АЛКЫШ КАТЫ
Алкыш каты – коммерциялык эмес кызмат катынын бир түрү. Ал аткарылган 
жумуш  же  кызматташтыгы үчүн (уюмга, кызмат адамына, жарандарга) ыраазычылык 
билдирүү, рахмат айтуу максатында жазылган  кызмат каты болуп саналат. Алкыш 
каты ишкананын фирмалык бланкына же атайын даярдалган кагаздарга жазылат. 
Анын  атайы  бир  формасы  болбойт.  Каалоо  боюнча  чын  көңүлдөн  же  чакыруу, 
куттуктоо каттарына жооп катары жазылышы мүмкүн.
  Маалым даректери:
Алкыш каты жөнөтүлгөн мекеменин аталышы же жеке адамдын аты-жөнү;
Каттын тексти;
Жөнөткөн мекеменин аталышы, жетекчисинин аты-жөнү, колу;
Жөнөтүлгөн күн, ай, жыл;
 
1. Алкыш каттарына мүнөздүү түзүлүштөгү сүйлөм бөлүктөрү:
 … үчүн Сизге ыракмат айтабыз, … көрсөткөн жардамыңыз үчүн ыраазычылык 
билдиребиз, … үчүн Сиздерге өзүбүздүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз, 
… Сиздерге ыракмат айтууга уруксат этиңиздер! ж.б.
 
2. Туура толуктаңыз.
ыракмат …………………………………
ыраазычылык …………………………..
уруксат ………………………………….
жардамыңыз ……………………………
моралдык жана …………………………
өзүбүздүн ……………………………….
3. Төмөнкү сүйлөмдөрдү 5 жолу окуп, китепти жаап, дептерге катасыз жазууга аракеттениңиз. 
Жазып бүткөн соң китепти ачып текшериңиз.
Берген жардамыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Кошкон салымыңыз-
дар  үчүн  ыракмат  айтууга  уруксат  этиңиздер.  Колдоо  көрсөткөнүңүздөр 
үчүн терең ыраазычылык билдирип кетүүгө уруксат этиңиздер. Моралдык 
жана материалдык колдооңуздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.

194
Калия Кулалиева
 Окуйлу
1. Алкыш катына мүнөздүү сөздөрдүн алдын сызыңыз.
2. Алкыш катынын маалым даректерин жазыңыз.
Ак-Өргө конушундагы мектептин ачылыш аземине келип катышып  
кетүүгө жооп катары жазылган алкыш каты
Урматтуу Белек Аскарович!
Мектептин ачылыш салтанатына чакырганыңыздар үчүн ыраазычылык билди-
рем. Жаңы курулган мектептин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын келечеги үчүн та-
тыктуу кызмат өтөйт деп ишенемин.
   
 
 
 
 
 
 
№ 72 орто мектептин директору  
 
 
А. Жумаев
3. Берилген тексттеги боштуктарды ылайык келчү сөздөр менен толуктаңыз. 
Көрсөтүлгөн жардам үчүн жазылган алкыш каты
………………….. Гүлнара Жеңишовна!
Бишкек  ……………………………….  балдар  бакчасынын  кыргыз  тили 
мугалимдеринин …………………….. жарыяланган кароо-сынакты………………… 
көрсөткөн моралдык жана демөөрчүлүк ……………………….. үчүн ыраазычылык 
билдиребиз.
«Кыргыз тили» билим берүү жана 
изилдөө ………………. директору 
 
 
Т. Абылкасымова
 Грамматика
Багыныңкы татаал сүйлөм
Тутумундагы  жөнөкөй  сүйлөмдөрдүн  бири  экинчиси  менен  синтаксистик 
түзүлүшү  жана  мааниси  жагынан  багыныңкы  абалда  байланышып  турса, 
багыныңкы татаал сүйлөм деп аталат. 
Багыныңкы татаал сүйлөм баш сүйлөмдөн жана багыныңкы сүйлөмдөн түзүлөт. 
Негизги ойду билдирген сүйлөм  – баш сүйлөм, негизги сүйлөмдөгү ойду түрдүү 
жагынан айкындап турган сүйлөм  – багыныңкы сүйлөм деп аталат. 

195
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Багыныңкы сүйлөмдүн түрлөрү:
1. Мезгил багыныңкы сүйлөм: Иш сапардан келгиче, бул маселени карабай 
эле койгула.
2. Орун багыныңкы сүйлөм: Жетекчиси кайда болсо, ал да ошондо жүрөт.
3. Максат багыныңкы сүйлөм: Булгап албаш үчүн, илип коюш керек.
4.  Себеп  багыныңкы  сүйлөм:  Сынактан  өтпөгөндүктөн,  маанайы  пас 
отурат.
5. Сыпат багыныңкы сүйлөм: Эми уккансып, жалдырап калды го.
6. Карама-каршы багыныңкы сүйлөм: Ал жерге барган менен, иш бүтпөйт.
7. Салыштырма багыныңкы сүйлөм: Тилди сен кандай билсең, ал да ошондой 
билет.
8.  Шарттуу  багыныңкы  сүйлөм:  Эгерде  бул  жумада  бүтпөсөк,  баарыбыз 
уят болуп калабыз.
9.  Сан-өлчөм  багыныңкы  сүйлөм:  Ал  канчалык  иштесе,  ошончолук 
эмгекчилдиги артат.
Татаал  сүйлөмдүн  багынычсыз  жана  багыныңкы  түрүнөн  башка  көп 
багыныңкылуу жана аралаш деген түрлөрү бар.
1. Багыныңкы татаал сүйлөмдүн түрүн аныктаңыз.
Олимпиадада  коло  медалына  татыктуу  болгон  спортчунун  кубанычы 
койнуна батпай, машыктыруучусуна ыраазычылыгын кайра-кайра билдирип 
жатты.
Жыйындын салтанаттуу бөлүмү аяктаганча, барып калышыбыз керек.
Бул  мыйзам  экинчи  окуудан  кийин  кабыл  алынса  деп,  баарыбыз  күтүп 
жатабыз.
Шамал болбой, чөптүн башы кыймылдабайт.
2. Багыныңкы татаал сүйлөмдөрдүн тыныш белгилерин коюңуз, түрүн аныктаңыз.
1. Биз, эл жыйналганча кулактандыруунун текстин жаза коёлу.
2. Райондон келген жетекчилер кетери менен айыл башчысы баарыбызды 
чогултуп жыйналыш өткөрдү.
3. Мен канча жолу айтсам силер ошончо жолу кайталашыңар керек.
4. Ал айылда турса дагы билимин өркүндөтүүгө дайыма убакыт табат.
3. Багыныңкы татаал сүйлөмдүн жазылбаган бөлүгүн толуктап жазыңыз.
Катуу шамал болбогондо, ............................................................................... .
Азыр жогорку технологиянын кылымы болсо да, .........................................
................. ................................................................................................................ .
............................................................................................................................,

196
Калия Кулалиева
мал-жан кыштан аман чыкмак.
............................................................................................................................,
мээнетиң ошончолук кайтат.
............................................................................................................................,
китепкананын жетекчилери кетип калышкан эле.
4. Багыныңкы татаал сүйлөмдөрдү түзүңүз.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Алкыш катты угуп, мазмунун кагазга түшүрүӊүз.
2-кѳнүгүү. Х. Карасаевдин батасындагы каалоо-тилектерди угуп, текстин кагазга түшүрүӊүз.
3-кѳнүгүү. «Шилен» деген эмне? Түшүндүрүп жазыӊыз.
 Сүйлөшөлү
1.  Сиз  иштеген  мекеме,  уюмда  алкыш  каты  кандай  жагдайларда  жазылат.  Алкыш  катын 
жазуунун кереги барбы?
1-кызматкер:
– Менин оюмча, алкыш катын жазуунун кереги жок. Анткени кызматкер 
өз милдетин аткарып, ал үчүн мамлекеттен же мекеме, уюмдан, ишканадан 
айлык алат.
2-кызматкер:
–  Тескерисинче,  алкыш  каттарын  көп  жазуу  керек.  Себеби  бул  кызмат-
керлерге дем-күч берип, жаңы бийиктиктерге жетүүгө өбөлгө түзөт, аларды 
шыктандырат.
2.  «Жашыңда  берсин  мээнетти,  карыганда  берсин  дөөлөттү»  деген  макалды  кандайча 
түшүнөсүз. Чечмелеп бериңиз.
 Жазалы
1.  Сиз  бөлүм  башчысы  болуп  иштейсиз.  Жылдын  аягында  өз  милдеттерин  жогорку 
жоопкерчилик менен  өтөгөн   кызматкерге алкыш жазыңыз. 
2. Биз жөнүндө… деген темада эссе жазыңыз.

197
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
дарскан
а – класс, аудитория
жаза – взыскание,  наказание 
тапшырык – заказ 
табыштама – заявка 
таңсыктык – дефицит 
көзөмөл – контроль 
нускама – инструкция
кеңсе – канцелярия 
өздүк иш – личное дело 
заманбап – современный 
саркеч – стильный 
үлгү – образец 
демөөрчү – спонсор 
керектөө – потребление 
зарылчылык – нужда 
кызматтан кетүү – отставка 
окуудан чыгаруу – отчислить 
четтетүү – отстранить
жоопкер – ответчик
доогер – истец  
пикир – мнение 
чектөө – ограничение 
өлчөм – норма
муктаждык – нужда 
сурамжылоо – опрос 
үгүт – агитация
дарек – адрес 
даттануу – аппеляция 
далдалчы – брокер
бош орун – вакансия
сөгүш – выговор
кепил – гарант
добуш берүү – голосовать
түп нуска – оригинал 
көчүрмө – копия
көктөмө, иш – дело, папка 
кызмат оруну – должность
даттануу – жалоба
тыянак – заключение
мыйзам – закон
залог – күрөө
эскертүү – замечание
объяснительная – түшүнүк кат
тыюу салуу – запретить, запрещать
мүлк – инвентарь
баскыч – инстанция
сыноо – испытание
корутунду, жыйынтык – итог
четке кагуу – игнорирование
чыгым – издержки
бурмалоо – искажение
чейрек – квартал
дүмүрчөк – квитанция
зарыл сан – кворум
күркө – киоск
ордун толтуруу – компенсация
атаандаштык – конкуренция
мунаса, келишим – компромисс
карым-катыш – контакт
мүлктү тартып алуу – конфискация имуще-
ства
жаңжал – конфликт
насыя – кредит
каатчылык – кризис
жөлөк пул – пособие
керектөө – потребление
ишкана – предприятие
доомат – претензия
көйгөй – проблема
жайылтуу – пропаганда
өткөрмө – пропуск
каршылык – протест
жол-жобо – процедура
жолдомо – путевка
чечкиндүүлүк – радикализм
жүгүртмө – расписание
каттоо – регистрация
тартип – режим
жарнама – реклама
калыбына келтирүү – реставрация
салыштыруу – сверка, сравнение
жаратмандык – созидание
көмөк – содействие
кыскартуу – сокрашение
демөөрчү – спонсор
тизмеден чыгаруу – списание
макам – статус
нарк – стоимость
идиш – тара 
жаракат – травма
жан сакчы – телохранитель
калып – трафарет
айгай, убара – тревога
минбар – трибуна
тактоо жана каттоо – учет и регистрация
текшерүүчү орган – фискальный орган
шалаакылык – халатность
 Өзүңүздү текшерип көрүңүз. 

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет