Зордук-зомбулукту



Pdf көрінісі
бет15/18
Дата15.03.2017
өлшемі4,11 Mb.
#9491
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18

105

дук программалардын, ролдук оюндардын жана сүйлөшүүлөрдүн жардамы менен, кол-
доңуз. 
 
3.  Конструктивдүү тартип ыкмаларын колдонуңуз. 

 
Класстын эрежелери позитивдүү, так жана кыска болушу керек: класстын эреже-
леринин аяккы варианты беш-алты пункттан ашпашы керек. Эрежелер формасы 
боюнча жөнөкөй жана мазмуну боюнча түшүнүктүү болушу керек. Эрежелерди не-
гативдүү жагынан эмес, позитивдүү жагынан формулировкалоого аракеттениңиз, 
башкача айтканда, “кандай кылбаш керек” деп эмес, а “кандай кылууга болот” деп 
формулировкалоо  жакшы  натыйжа  берет.  Класстын  эрежелери,  жалпы  мектеп 
эрежелерине каршы келип калбашын көзөмөлдөңүз.  

 
Оӊ  күч  берүү,  көмөк  берүүнү  колдонуңуз.  Окуучулардын  конструктивдүү  жүрүм-
турумун  көз  караш  байланышы  менен,  макул  болгон  баш  ийкеп  коюу  менен  же 
жылмаюу менен күч берип колдоп туруңуз. Күндүн аягында мындай окуучуларды 
кошумча зачеттук очколор менен же кошумча оюн убактылары менен сыйлоо бо-
лот.  Класстын  алдында,  классташтардын  көзүнчө  мактоо  окуучулар  тарабынан 
айрыкча  бааланат.  Сиз  ар  бир  жума  сайын  “мыкты  жүрүм-турумдуу”  топту  атап 
жана алардын ысымдарын класстык бөлмөнүн көрүнүктүү жеринде илип коё ала-
сыз. Эске алыңыз, бул учурда билдирүүнү дароо жасоо керек, жана ал кыска, би-
рок комплиментарлуу болушу шарт.  

 
Жазалоочу мүнөздөгү эмес, тарбиялоочу мүнөзгө ээ дисциплинардык чараларды 
колдонуңуз. Окуучуга сөгүш берип жатып, унутпаңыз, сиздин сөздөрүңүз, окуучу-
нун  инсандыгына  эмес,  анын  жасаган  жоругуна  жана  анын  мүмкүн  болгон  кесе-
петтерине багытталышы керек. Жоруктун оордугуна жараша, сиз төмөнкү тарбия-
лоочу чараларды колдоно аласыз:  

  Окуучу менен анын эмне себептен мындай жорук жасагандыгын жана аны оң-
доо  үчүн  эмне  кылуу  керектигин  талкуулоо  үчүн  сабактан  кийин  же  танапис 
учурунда атайын убакыт бөлүңүз. 

  Окуучуга кечирим суроону сунуштаңыз    

  Окуучулардын орундарын алмаштырыңыз;  

  Ата-энелерге кат жазыңыз же телефон чалыңыз;  

  Кырдаалдын олуттуулугун анализдеңиз, жана эгер керек деп тапсаңыз окуучуну 
мектеп директоруна жөнөтүңүз  
Класстагы сабактар: Окуучуларга зомбулукка каршы клуб уюштурууну сунушта-
ңыз Аларга баардыгы үчүн саламат жана коопсуз мектеп чөйрөсүн түзүүгө багытталган 
иш-чараларды табууга жардамдашыңыз 
 
4.  Буллинг менен күрөшүүгө жигердүү катышыңыз. 

 
Окуучулар,  мугалимдер,  мектептин  башка  кызматкерлери  менен  биргеликте, 
алардын баардыгын бул көрүнүш тууралуу бирдей көз карашы болушу үчүн, бул-
лингдин аныктамасын аныктаңыз. Буллинг төмөнкүлөрдү камтыйт: 

  Физикалык буллинг: уруу, тебүү, түртүү, муунтуу, чукулоо; 

  Вербалдык буллинг: коркутуулар, тилдөөлөр, ушак-айыӊ таратуулар; 

  Социалдык обочолонтуу. 

 
Агрессияга ырааттуу жооп кайтарыңыз. Натыйжалуу жооп төмөнкүдөй болушу ке-
рек: 

  Аны дайыма колдонууга мүмкүн болушу үчүн, кыска болушу керек

  Агрессиянын кайрадан кайталануусуна катуу талап коюшу керек;  

  Божомолдуу жана дароо ошол замат табылышы керек

  Бардык окуучулар үчүн бирдей күтүүдөгү болушу керек. 
106

Көбүнчө  мындай  учурларда  эркин  бош  убакытты  чектөө  менен  дисциплинардык 
чаралар  колдонулат:  танаписке  чыгарбоо,  теңтуштар  менен  тамактануу  же  класстан 
тышкаркы иш-чараларга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу. 

 
Дисциплинардык  чараларды  пайдалануу  менен  катар  мектеп  психологун  зомбу-
лук көрсөткөн тарап менен сүйлөшүүнү сураныңыз. Жабыр тартып жаткан окуучу-
ну колдоңуз. Кодулоолордун кайталанышына жол бербеш үчүн ата-энелер, окуу-
чулар жана мектеп кызматкерлери менен иш алып барууну улантуу менен бирге, 
аларды мугалим жана мектеп психологу менен сүйлөшүүнүн зарылдыгына ынан-
дырыңыз. 

 
Буллингдин күбөлөрүн чоӊ кишилерге кайрылууга үйрөтүңүз жана баалаңыз, бул-
лингден жабыр тарткандарга колдоо көрсөтүңүз жана буллингди айыптаңыз.Буга 
конфликттерди  чечүү  боюнча  теңтуштардын  ортомчулугу  жана  атайын  прог-
раммалардын  жардамы  менен  жетишүүгө  болот,  ал  программалар  окуучуларды 
бири-бирин колдоого, буллинг болгон окуялар тууралуу маалымдоого жардам бе-
рет  жана  окуучулардын  конфликттүү  кырдаалдардан  чыгуу  көндүмдөрүн  өнүктү-
рөт.   

 
Буллингди токтотуу үчүн бири-бирин колдогон окуучулардын аракеттерине оӊ баа 
бериңиз.  Ошондой  эле  буллинг  фактылары  тууралуу  маалымдагандардыизине 
түшүүдөн дакоргоо керек.  
Класстагы сабактар: Окуучуларга сиз менен жана бири-бири менен эмнени зом-
булук деп эсептөөгө болоорун жана эмнени зомбулук эмес экендигин талкуулоону су-
нуштаңыз. Зомбулуктун кайсыл бир актылары адамдын кандай укуктарын бузуп жатат? 
Адамдардын ортосундагы айырмачылыктардыурматтоогоүйрөтүңүз, талкууларды, экс-
курсияларды, ролдук оюндарда жана сүйлөшүүлөрдү уюштуруңуз, оюндук программа-
ларды колдонуңуз.  
 
5.  Окуучуларды  туруктуулукка  үйрөтүңүз  жана  жашоонун  чакырыктарына 
мазмундуу жооп берүүгө жардамдашыңыз. 

 
Окуучулардын  туруктуулугун  жана  күнүмдүк  көйгөйлөрдү,  стрессти  жана  жаман 
окуяларды  ийгиликтүү  жеӊип  чыгуу  жөндөмүн,  классташтар  менен  достук  мами-
лелерди орнотуу менен, өнүктүрүңүз. Бул окуучу зомбулукка барат же өзү зомбу-
луктун  курмандыгы  болот  деген  мүмкүндүктү  төмөндөтөт.  Социалдык  конструк-
тивдүү жүрүм-турумду көрсөткөн, өз окуучуларын туура багыттай жана коргой ал-
ган  мугалимдер,  окуучуларга  турмуштун  туш  кылган  кыйынчылыктарына  кантип 
позитивдүү жооп берүү керектигин көрсөтүшөт.   

 
Өз  окуучуларыңызда  чатактарды  чечүүнүн  көндүмдөрүн  калыптандыруу  үчүн, 
тынчтык духунда тарбиялоого багытталган сабактарды окутуу  программаларына 
кийирүүнү сунуштаңыз. Тынчтык духунда тарбиялоо программалары окуучуларга 
зомбулук  кандайча  болуп  жаткандыгын  түшүнүүгө,  зомбулукка  каршы  конструк-
тивдүү  жооп  берүү  жөндөмүн  өнүктүрүүгө  жана  зомбулуктун  альтернативалары 
тууралуу билүүгө жардамдашышат.  

 
Мектеп  жетекчилигине  штатка  психолог  же  социалдык  педагогду  киргизүүнү  су-
нуштаңызАлар  окуучуларга  турмуштук  кыйынчылыктарды  жеңип  чыгууга  жана 
мүмкүн  болгон  зомбулукту  токтотууга  жардам  беришет.  Алар  мугалимдер  жа-
маатына  жана  окуучуларга  колдоо  көрсөтүшөт  жана  зомбулукту  төмөнкүдөй  ык-
малар менен токтотууга жардам бере алышат:  

  зомбулукка алып бара турган кырдаалдарда ортомчу болуу; 

  конфликттик  кырдаалды,  физикалык  зомбулук  стадиясына  өтүп  кете  элек 
кезинде, чечүүнүн тынчтык жолун табууга жардам берүү;  

   
107


  зомбулуктан  жабыр  тарткандар  жана  зомбулук  көрсөткөндөр  менен  иштөө, 
аларга психологиялык жардам көрсөтүү;  

  буллинг,  баӊгилик  жана  жаштар  буллинги  көйгөйлөрүн  чечүүгө  багытталган 
программаларды кийирүү;  

 
Окуучулар  ортосундагы  конфликттерди  токтотуу  үчүн  оюндарды  колдонуңуз.  Өз 
окуучуларыңызды  мындай  кырдаалды  ойноп  көрүүгө  чакырыңыз,  мисалы,  “Сен 
сени кордогон балага туш болуп калдыӊ. Сенин аракеттериӊ”. Чындыкка жакын-
даштырылган  кырдаалга  катышуу  менен,    сиздин  окуучуларыңыз,  стресс  менен 
кантип күрөшүүгө болоорун, көнүмүш эмес же капысынан кабылган кырдаалдарда 
өзүн  кантип  алып  жүрүү  керектигин  практикалай  алышат.    Окуучуларга  түрдүү 
ролдорду ойноп көрүүгө аргасыз кылган оюндарды колдоӊуз. Алар кандай сезим-
дерге кабылганы тууралуу, жана аларга кырдаал менен алышууда эмне жардам 
бергендиги тууралуу айтып берүүнү сураныңыз  

 
Окуучуларыңызга  бардык  зомбулуктук  аракеттерди  же  ызалоочу,  кемсинтүүчү 
сөздөрдү,  мейли  анчейин  катуу  айтылбаган,  сөздөр  болсо  да,  аларды  жөн  гана 
кабылдап эле коюп, жоопсуз калтырбаш керек. Сиздин агрессиянын бардык көрү-
нүштөрүнө  карата  реакцияңыздын  кайтпастыгы  окуучулар  үчүн,  адамга  карата 
урматтабаган  мамиле  жана  инсандын  укуктарын  барктабагандыкка  жол  берил-
бестигин, белгиси катары кызмат кылышы керек.   
Класстагы  сабактар:  Окуучулар  өздөрүнүн  көйгөйлөрүн  чече  турган,  ролдук 
оюндарды класстагы туруктуу практика кылыңыз Алар менен ар бир конфликтти тал-
куулаңыз жана аларды чечүүнүн тынчтык жолун издеңиз 
 
6.  Сексуалдык жана гендердик зомбулукка каршы чыгуу менен үлгү болуңуз. 

 
Жыныстык тиешелүүлүк менен байланышкан көз караштар тууралуу унутпаңыз. 
Алар  гендердик  дискриминацияны  жаратат.  Кээде  мугалимдер  кыздарга  кара-
ганда  эркек  балдарга  башкача  мамиле  кылышат.  Мисалы,  айрымдардын  ише-
ниминде, эркек балдар математиканы мыкты кабылдашат же “эркек балдар та-
биятынан акылдуу болушат”, ал эми кыздар “аракетчилдиги жана эмгекчилдиги 
менен алгалашат”. Мындай стереотиптерди жеңип чыгуу керек. Эркек балдарга 
жана  кыздарга  карата,  эркектерге  жана  аялдарга  карата  бирдей  талаптарды 
коюңуз.  Класстагы  мындай  көз  караштар  менен  күрөшүңүз  жана  сиздин  кесип-
тештерди  да  буга  тартыңыз.  Мектепте  эркек  балдар  агрессор  да  болушат,  жа-
бырлануучу  да  болушат,  ошондуктан  мугалимдер  өз  көңүлдөрүн  тек  гана  кыз-
дарга карата кодулоо учурларына буруу менен токтолуп калбашы керек.  

 
Сиздин  эркек  балдарга  болгон  жүрүм-турумуңуз,  кыздарга  болгон  жүрүм-
турумуңуздан айырмаланбашына көңүл буруңуз. Мугалим менен кыздардын өтө 
сейрек  жана/  же  интенсивдүү  эмес  сүйлөшүүсү  алардын  өзүнө  болгон  баасын, 
өздөрүнө  болгон  ишенимдерин  начарлата,  ал  болсо  өз  учурунда  алардын  вик-
тимизациясынын  тобокелин  жогорулатат.  Кыздардын  класстын  жашоосуна  ак-
тивдүүрөөк аралашышы үчүн, мисалы, классты талкуулоочу топторго бөлүү ке-
рек, алардын бир нечесинде кыздар көбүрөөк болушу керек. Көбүнчө кыздар өз 
ойлорун, көз караштарын кыздар арасында эркин билдиришет.  

 
Сексуалдык  жана  гендердик  зомбулукту  таанууга  үйрөнүү  үчүн,  ошондой  эле 
аларга каршылык көрсөтүүнү үйрөнүү үчүн сиздин мектепте мугалимдер, окуучу-
лар  жана  ата-энелер  үчүн  окутуучу  семинарлардын  өткөрүлүшүнө  жетишиңиз. 
Семинардык  сабактарда  гендердик  зомбулуктун  негизинде  жаткан,  жыныстык 
тиешелүүлүк  менен  байланышкан  көз  караштар  жөнүндө  билип  алууга  болот 
жана  кыздарга  каршы  багытталган  зомбулук  менен,  жана  алардын  сабактарды 
108

көп калтыруусу жана мектепти таштоо фактысынын (эгер бул сиз жашаган өлкө/ 
шаар/ аймак үчүн мүнөздүү болсо) ортосундагы байланышты орнотууга болот. 

 
Сиздин  мектепке  жана  жергиликтүү  коомчулукка  мектеп  чөйрөсүндө  кыздарды 
жана  аялдарды  коргоо  зарылдыгын  таанууга  жардам  бериңиз.  Конфликттүү 
кырдаалдарда жана алардан кийинки учурларда кыздар жана аялдар конфликт 
тарабынан жаралган зомбулукка карата айрыкча сезимтал болушат.  

 
Гендердик зомбулук маселеси боюнча мектеп кызматкерлерин агартуу идеясын 
колдоңуз.  

 
Унчукпай  койбоңуз.  Зомбулукка  каршы  өз  оюңузду,  мектеп  жетекчилигин  маа-
лымдоо механизмдерин пайдаланбастан, билдириңиз. Кесиптештериңизди жана 
окуучуларыңызды  мектептеги  жана  анын  чегинен  башка  жердеги  зомбулуктун 
күнөөкөрлөрүн атоого чакырыңыз.    
Класстагы  сабактар:  Балдарга  бири-бирин  кемсинтпеши  жана  ызалабашы  ке-
ректигин үйрөтүңүз, айрыкча бул жыныстык айырмачылыктарга тиешелүү болсо. Бар-
дык адамдар ар башка, бирок биз баарыбыз теңбиз! 
 
7. 
Мектеп коопсуздугу механизмдерин бек кармап туруңуз. 

 
Сабаттуу башкарууну жана мектепти натыйжалуу башкарууну колдоңуз. Мектеп 
администрациясы  мугалимдер  жана  билим  берүү  башкармалыгынын  өкүлдөрү 
менен биргелешип аракеттенип, окуучулардын бири-бирине карата күчтү колдо-
нуусун жок кылууга багытталган чараларды кабыл алышы, ошондой эле зомбу-
луктун  актыларын  эӊ  алгачкы  этаптарында  бөгөттөшү  жана  мектепте  ишеним 
атмосферасын түзүшү өтө маанилүү.  

 
Окууга жана коопсуз мектеп чөйрөсүндө окууга болгон  укуктарга кепилдик бер-
ген, адам укуктарын коргоо духундагы жүрүм-турум эрежелерин (кодексин),    өз 
мектебиңизде  кабыл  алынышына  көмөктөшүңүз  Зомбулук  болгондугу  тууралуу 
маалымдаңыз жана өзүңүз чечимдерди кабыл алууга катышыңыз.  

 
Зомбулук  болгондугу  тууралуу  маалымдоонун  окуучулар  үчүн  коопсуз  меха-
низмдерин  иштеп  чыгыңыз.  Бул  механизмдер  окуучуларга  колдоону  жана  кон-
фиденциалдуулукту, адептүү болууну камсыз кылышы керек.  

 
Окуучулардын зомбулук көрсөтүлгөн окуялар боюнча даттанууларына, алардын 
физикалык  жана  руханий  саламаттыгына  кам  көрүү  менен,  олуттуу  караңыз. 
Окуучулар айткандарга ишениңиз; кырдаалды барк албай коюуга болбойт.  
Класстагы сабактар: Баардыгы үчүн милдеттүү түрдөгү мектептеги жүрүм-турум 
эрежелерин иштеп чыгуу максатында мугалимдер, окуучулар, мектеп директору жана 
мектеп психологу менен жолугушууларды уюштурууну сунуштаңыз  
 
8.  Окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жайларды камсыздаңыз. 

 
Окуучулар менен мектепти, алар үчүн өзгөчө коркунуч жараткан аймакты кыды-
рып  чыгып,  кооптуу  жана  коопсуз  жайларды  аныктаңыз.Мектеп  кызматкерлери 
окуучулар  сексуалдык  же  физикалык  зомбулукка  кабылышы  мүмкүн  болгон  ка-
раңгы бурчтарды, ачар жарыкталган жерлерди, кароосуз калган тепкичтерди жа-
на дааратканаларды өзгөчө көӊүл буруп карашы керек.   

 
Окуучулардын даарат бөлмөлөрүндөгү коопсуздугуна көңүл буруңуз. Айрым өл-
көлөрдө жана аймактарда кыздардын мектепке баруудан баш тартуусунун себе-
биболуп, коопсуз жана таза дааратканалардын жоктугу саналат. 

 
Мектептин  башка  кызматкерлери  менен  биргелешип  коопсуз  оюн  аянтчалары-
нын болушу тууралуу кам көрүңүз жана аларда милдеттүү түрдө чоӊ кишилер-
дин болушун камсыз кылыңыз Окуучулар үчүн танапис учурунда жана сабактан 
кийин ойноо үчүн коопсуз жерлер керек.  
109

Класстагы  сабактар:  Мектептин  аймагындагы  начар  жарыктандырылган  же 
кооптуу жайларын белгилөө менен, коопсуз мектеп чөйрөсү үчүн кампаниясын демил-
гелеңиз   
9.  Пикир  келишпес  кырдаалдарды  алдын-алуу  жана  аларды  чечүүнүн 
методдорун үйрөнүңүз жана аларды окуучуларга үйрөтүңүз. 

 
Конфликттик кырдаалдарды тынчтык жол менен чечүүнүн методдорун өздөштү-
рүңүз,  адам укуктарын урматтоо жана тынчтык духунда тарбиялоо принципте-
рин  сактоонун  негизинде  классты  жетектөөгө  үйрөнүңүз.  Мектеп  директорунан 
же  жергиликтүү  билим  берүү  башкармалыгынын  кызматкерлеринен  окутуучу 
курстан  өтүү  мүмкүнчүлүгү  туурасында  билиңиз.  Зомбулукту  токтотуунун  жана 
мектеп  конфликттерин  чечүүнүн  практикалык  жолдорун  сунуштаган  материал-
дар тууралуу маалыматтар тиркеме 2 табууга болот.  

 
Ортомчулуктун техникасын колдонуңуз жана өз окуучуларыңызды алардын жар-
дамы менен кантип конфликттик кырдаалдардан чыгууга үйрөтүңүз. 

 
Окуучуларга  сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүүнүн  методдоруна  үйрөтүңүз,  ал  аларга 
жардам берет: 

  Конфликттин  маңызынаныктаңыз  (“Биз  эмне  үчүн  талашып  жатабыз?  Кан-
дайча жана эмне үчүн бул көйгөй жаралды”); 

  көз караштар менен бөлүшүү жана сунуштар менен алмашуу ( “Менин оюм-
ча, мындайча мамиле кылуу керек, себеби...”);  

  окуяга четтен байкоо салуу (ролдук оюндар, талкуулар аркылуу);  

  конфликттин  эки  катышуучусу  теӊ,  бири-биринин  кызыкчылыктарын  бузба-
ган, компромисске келе албай жатканда чечим табуу (“Кел бүгүн сен айткан-
дай кылалы, ал эми эртеӊ меникиндей кылалы, ошондо кандайча болгондо 
дурус болоорун көрөлү”); 

  аӊ-сезимдүү чечимдерге келүү.  

 
Классташтардын  талаш-тартышында  кантип  ортомчунун  ролунда  болуу 
керектигин  жана  аларга  конструктивдүү  чечимди  табууга  жардам 
берүүнүүйрөтүңүз 

 
Эки  окуучунун  ортосунда  жаралган  же  жаралышы  мүмкүн  болгон  талаш-
тартыштуу  маселени  тандаңыз.  Алар  бул  кырдаалды  ойноп  көрүшсүн,  үчүнчү 
окуучуну  жалпы  чечимге  келүү  үчүн  өз  классташтарына  жардамга  келүүсүн 
сунуштаңыз. Ага анын көз карашында эӊ эле туура келген компромиссти сунуш 
кылуу  үчүн  өзүнүн  досторун  жана  талаш  предметин  боюнча  билгендеринин 
баарын колдонушу керектигин айтыңыз. 

 
Окуучулардын  баары  сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүү  ыкмаларын  өздөштүргөндөн 
кийин, күн сайын эки окуучудан, мүмкүн болсо бир эркек бала менен бир кызды, 
расмий ортомчу кылып дайындаңыз.Окуучулардын ролдору менен алмаштырып 
туруңуз,  бири  калбай  баардыгы  бул  ролду  аркалап  көрүшкөндөй  болушсун. 
Ортомчулар, конфликттин  катышуучулары  өздөрү  бир  пикирге  келе алышпаган 
учурда, аларга аны чечүүгө жардам берүү үчүн керек.   
Класстагы сабактар: окуучуларга классташтар ортосундагы конфликтте ортомчу 
катары чыгууга үйрөнүүгө жардамдашыңыз Ар жума сайын жаӊы ортомчуну дайындап 
туруңуз, алар өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн практикада колдонуп көрүшсүн. 
 
10. 
Мүмкүнчүлүгү  чектелген,  этникалык  азчылыкка  же  башка  аяр  мамилени 
талап  кылган  топторго  таандык  окуучуларга  карата  сиздин  мектепте 
зомбулук жана дискриминация бар же жоктугун баалаңыз.   

 
Зарыл болгон учурда окуучуларга, айрым балдар акыл-эстик же физикалык же-
тилүүсүнүн  өзгөчөлүктөрүнөн  улам  окууда  кыйынчылыктарга  туш  болушканды-
110

гынын, спорт жана башка активдүү ишмердүүлүктүн түрлөрү менен алектенгенде 
чектөөлөргө  туш  болушкандыгынын  себептери  тууралуу  айтып  бериӊиз.  Класс-
тын  бардык  окуучулары  бири-биринен  бир  нерсеси  менен  айырмаланып  тура-
рын, жана дал ошол нерсе аларга кайталангыстык, өзгөчөлүк бере тургандыгын 
баса  белгилеңиз.  Адамдардын  ортосундагы  айырмачылыктарды  кабылдоо  ке-
рек. Ар бир адам, кандай болуп бул дүйнөгө жаралса, ошондой болушушун ур-
матталышына укугу бар. Мындай иштер ата-энелер чогулуштарында жүргүзүлү-
шү керек.  

 
Сиз же сиздин окуучуларыңыз мектепке алып келген мүмкүн болгон көз караш-
тарды  жана  стереотиптерди  анализдеңиз.  Өз  окуучуларыңызды,  аларга  окшош 
эместерге  карата  мамилелерине  сын  көз  караш  менен  кароону  сунуштаңыз. 
Өзүңүздү окуучуларыңызга үлгү болчудай болуп алып жүрүңүз.  

 
Бардык дискриминациялык айтымдарга ошол замат дароо жооп кайтаруу керек. 
Адамды  сөз  менен  да  таарынтып  алууга  болоорун  окуучуларга  түшүндүрүңүз. 
Дискриминациялык же расисттик сөздөр, эскертүүлөр эч качан, жада калса, ан-
чейин байкалбаган физикалык зомбулук менен коштолушуна жол бербеңиз.  

 
Программаны жана окуу китептерин текшериңиз. Аларда коомдогу түрдүү мада-
ний нормалардын жана салттардын болушун эске алынганбы? Мындай айырма-
чылыктар  түшүнүгүн  өнүктүрүшүүдөбү,  окуучуларга  биргелешип  жашоону  үйрө-
түшөбү? 

 
Айрым окуучулар өз маданий же этникалык тобунун гана өкүлүнө айланып кет-
пешине  көз  салыңыз.  “Ярлыктарды  чаптоо”  алардын  классташтардан  обочоло-
нуусун    гана  күч  алдырат.  Аларга  класстык  жамааттын  бөлүгү  болууга  жардам 
берүү менен, сиз көп түрдүүлүктүн толук мааниси түшүнүүгө көмөктөшөт.  
Класстагы  сабактар:  Окуучуларга,  аларга  башкалар  кандай  мамиле  кылуусун-
каалагандай мамилени, башкаларга, айрыкча башка маданиятка же тиешелүүлөргө же 
жетилүүсүндөгү  өзгөчөлүктөрү  барларга  карата  жасоону  сураныңыз.Көп  түрдүүлүктү 
урматтоо керек, ар бир адам башкача болууга укугун бар! 
111

ТИРКЕМЕ 7 
Зомбулук кљрсљтїлгљн учурларга кљњїл буруунун  
їлгїлїк схемасы жана билим берїї процессинин 
катышуучуларынын аракеттеринин алгоритми 
 
 
 
 
 
 
 
 
* бб.м. – билим берүүчү мекеме 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
Билим берүү мекемесинин ишенген 
кызматкерине же Билим берүү 
мекемечсинин кызматкерлерин  
болгон ыкмалар менен маалымдайт   
• Ата-энелерге маалымдайт  
жабырла-
нуучу 
• Билим берүү мекемесинин ишенген 
кызматкерине, кезекчи мугалимге, 
администраторго  кабарлайт же 
Билим берүү мекемечсинин 
кызматкерлерин еболгон ыкмалар 
менен маалымдайт   
Окуяга күбө 
болгон же 
ал тууралуу 
билип 
калган 
окуучу 
Класс жетекчиге, билим берүү 
мекемесинин директорунун жооптуу 
орун басарына, директоруна 
чараларды көрүү үчүн кайрыла 
(оозеки же жазуу түрүндө)  
жабырла-
нуучунун 
ата-энеси 
Класс жетекчиге, директордун 
жооптуу орун басарына, билим 
берүү мекемесинин директоруна 
кабарлайт 
Окуяга күбө 
болгон же ал 
тууралуу 
билип калган  
ата-эне 
• 
Катышуучуларды 
арачалайт, зарылдыкка 
жараша жардамга 
коопсуздук кызматын, билим 
берүү мекемесинин башка 
кызматкерлерин чакырат
• Класс жетекчиге, 
директордун жооптуу орун 
басарына, ал эми алар жок 
болгондо – кезекчи 
администраторго 
маалымдайт 
Окуяга күбө 
болгон же 
ал тууралуу 
билип 
калган  
билим берүү 
мекемесинин 
кызматкер-
лери 
• 
Дароо билим берүү 
мекемесинин кызматкерлерине 
маалымдайт 
• Өмүргө жана саламаттыкка 
коркунуч жок болгон учурда 
(тен күчтөр, конфликте 
куралдын колдонулбастыгы) 
катышуучуларды арачалайт 
Окуяга күбө 
болгон же 
ал тууралуу 
билип 
калган 
окуучу 
Катышуучуларды арачалайт, 
зарылдыкка жараша 
жардамга коопсуздук 
кызматын, билим берүү 
мекемесинин башка 
кызматкерлерин чакырат 
Окуяга күбө 
болгон же 
ал тууралуу 
билип 
калган  
ата-эне 
2. 
Зомбулукту токтотуу 
максатында дароо кийли-
гишүү
 
1. 
Зомбулук көрөтүлгөн учурлар же 
аны көрсөтүү аракеттери болгон 
учурлар тууралуу маалымдоо
 
3. Жабыр тарткан тарап-
ка алгачкы жардам 
көрсөтүү 
4. Зомбулук көрсөтүлгөн 
окуяны талдоо жана 
каттоо 
Балага  карата  зомбулук  тууралуу  анын  жүрүм-турумундагы,  маанайындагы, 
тышкы келбетиндеги өзгөчөлүктөр, «себепсиз» сабак калтыруулар жана окуу-
га  жетишүүнүн  начарлашы  кабарлайт.  Мындай  белгилерди  байкаган  учурда 
билим берүү мекемесинин кызматкери же окучу ал тууралуу класс жетекчиге 
же  директордун  жооптуу  орун  басарына  кабарлашы  керек,  алар  ошол  замат 
окуяны талдоого киришиши керек, жана зомбулук чын эле болгон болсо, жар-
дам көрсөтүшү керек 

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   10   11   12   13   14   15   16   17   18




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет