Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


Иш кагазынын жазылбаган маалым даректерин жазыңыз. Боштуктарды толуктаңыз



Pdf көрінісі
бет7/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   19

3. Иш кагазынын жазылбаган маалым даректерин жазыңыз. Боштуктарды толуктаңыз.

69
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети
Европалык цивилизация .............................. 2-курсунун ........................... Жаныш 
уулу  Аскар  2  ай  (февраль,  март)  бою  себепсиз  .....................  келбегендигине 
байланыштуу ................................. чыгарылсын.
Негиз: ........................... билдирүүсү.
4. Буйруктун текстин түзүңүз. Буйрук чыккан мекеменин аты белгилүү.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
 Жазуу эрежелери
Өздөштүрүлгөн сөздөрдүн жазылышы
1.  Орус тилиндеги же ал аркылуу башка тилден кирген сөздөр, негизинен, орус 
тилинин орфографиясындагыдай жазылат: жюри, бокс, аффикс, герб ж.б.
2.  Орус тилинен же ал аркылуу башка тилдерден мурдатан өздөштүрүлүп, кыр-
гыз  тилинин  тыбыштык  өзгөчөлүгүнө  баш  ийдирилген  сөздөр  айтылышы 
боюнча жазылышына жол берилет: белет, көзүр, момпосуй, тамеки, үстөл, 
үтүк, шопур, машине, меш, деректир, пол, гезит, жашик ж.б.
3.  Орус тилинен же ал аркылуу башка тилден кирген сөздөр кыргыз тилинде-
ги айтылышына ылайык фонетикалык түрү өзгөрүп жазылышына жол бери-
лет: сутки эмес, сутка; ранг эмес, ранга; танк эмес, танка; ботинки эмес, 
батинке ж.б.
4.  Аягы -пп, -тт, -сс, -мм кош үнсүздөрү менен аяктаган сөздөргө ушул өңдүү 
тыбыш менен башталган мүчөлөр уланса, алардын бири түшүрүлүп жазылат: 
киловатт + да – киловатта, киловатт + дан – киловаттан, класс + сыз – 
классыз ж.б.
1.  Өздөштүрүлгөн  сөздөрдү  жазуу  эрежелерин  эске  алуу  менен  сүйлөмдөрдү  толуктап 
жазыңыз.
Атам күнүгө жаңы ........................ сатып келип, окуйт.
................................ ................................................ токтотуп коюшсун.
Менин агам аскерден ............................... айдаган экен.
..................................... окуучулардын ата-энелери толук катышсын.
Балдар үйүндөгү балдарга кышкы ................................ сатылып алынды.
Эртең кечкиге ................................ алгыла, болбосо мен киного барбайм.
2. Суроолорго жооп жазыңыз.
1 метрде канча дециметр бар?
25 дециметрде канча сантиметр бар?
Бир жашикте канча килограмм помидор болушу мүмкүн?
Бир танка канча тонна болушу мүмкүн?

70
Калия Кулалиева
Бир тоннада канча килограмм бар?
Бир суткада канча саат бар?
3. Өздөштүрүлгөн сөздөрдү бөлүп жазыңыз. Алардын маанисин түшүндүрүңүз.
1. Премьер-министр  Ж.  Сатыбалдиев  Мамлекеттик  каттоо  кызматынын 
калкты  тейлөө  борборуна  (КТБ)  алдын  ала  пландаштырбай  туруп  барып 
келди. 
2. Биздин  айыл  өкмөтү  дотацияда  тургандыктан,  айрым  долбоорлорго 
эл  аралык  донорлордун,  республикалык  бюджеттин,  демөөрчүлөрдүн 
каражаттарын тартууга мажбурбуз.
3. Казакстанда  кыргыз  капиталынын  катышуусу  менен  247  биргелешкен 
ишкана катталса, Кыргызстанда казак капиталынын катышуусу менен 334 
биргелешкен ишкана катталган.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Буйруктун текстин угуп, мазмунун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Уккан маалыматтын негизинде буйруктун текстин жазыңыз.

71
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
ТЕСКЕМЕ
Тескеме  ар  кандай  башкаруу  деңгээлиндеги  ыкчам  чечүүнү  талап  кылган 
маселелерди көрсөтүлгөн мөөнөттө чечүү үчүн жетекчиси тарабынан чыгарылуучу 
буйрукчул  документтин  бир  түрү.  Тескемени  биринчи  жетекчиден  башка  да 
чарбалык,  өндүрүштүк,  администрациялык  иштин  ыкчам  маселелери  боюнча 
жетекчинин биринчи орун басарлары, башкы адистер, структуралык бөлүмдөрдүн 
жетекчилери  чыгарышат.  Буйруу  таасир  этүүнүн  чектелген  мөөнөтүнө  ээ  жана 
аткаруучулардын тар чөйрөсүнө жайылтылат. Тескеме буйрук сыяктуу эле даярдалат.
1. Тескеменин текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
сунуш кылам, милдеттендирем, жүктөймүн, жүктөлсүн.
2. «Ыкчам маселелер» дегенди кандайча түшүнөсүз? 
 Көнүгүүлөр
1. Буйрук менен тескеменин окшош жана айырмалуу (формалдык жана мазмундук) жактарын 
белгилеңиз.
«Баластан» билим берүү борбору
№ 27 Т Е С К ЕМ Е
2011-жылдын 23-январы  
 
 
 
 
 
Бишкек ш.
Иш кагаздарын мамлекеттик тилде 
жүргүзүүнү киргизүү жѳнүндѳ
М И Л Д Е Т Т Е Н Д И Р Е М:
1.  Борбордун бардык бөлүмдөрүндө, кызматтарында иш кагаздары мамлекеттик 
тилде жүргүзүлсүн.
2.  Директордун жалпы маселелер боюнча орун басары С. Жайнакова  2011-жыл-
дын 1-мартынан баштап иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча 
окутууну уюштурсун.

72
Калия Кулалиева
3.  Бардык иш кагаздарынын кыргыз тилиндеги формасы көбөйтүлсүн жана кыз- 
маткерлер тарабынан иш учурунда колдонула баштасын. 
4.  Тескемени аткаруу боюнча көзөмөл директордун орун басары С.Жайнаковага 
жүктөлсүн.
  Директор 
 
 
 
А. К. Шаршеева
  Юрист  
 
 
 
Г. Ш. Момбаева
  Омуралиева Р.  
 
 
 
  Кызматкерлер тааныштырылды.  
  08-12-көктөмгө.
  25.01.2011.
2. Тескеме эмне жөнүндө экени, ишкананын аты жана кызмат көрсөткөн чөйрөсү белгилүү, иш 
кагазын толуктап жазыңыз. 
«Ак-Жол» жоопкерчилиги чектелген коому
№ 67 Т Е С К Е М Е
Шаардык маршруттук каттамдар боюнча 
жүргүнчүлөрдүн акы төлөө тарифин 
өзгөртүү жөнүндө 
3. Сиз иштеген бөлүмгө кандай мазмундагы ТЕСКЕМЕ берилиши мүмкүн, үлгүсүн жазыңыз.
 Угалы
1-кѳнүгүү.  С.  Күмүшалиеванын  кандай  максаттары  бар  экен?  Таланттуу  актрисанын  пикири 
боюнча кыргыздар кандай калк? 
«Ажары жанган», «Алар мени кандай сыйласа, мен да ошондой сыйлагым 
келет» дегендин маанисин түшүндүрүп бериңиз.
2-кѳнүгүү. Сиздин кандай максаттарыңыз бар? Пикириӊизди кагазга түшүрүӊүз.
 Сүйлөшөлү
1-кырдаал:
Сиз  бир  фирманын  жетекчиси  болуп  иштейсиз.  Кызматкерлерди  кыскартуу  
боюнча чыгарган буйругуңузга сиздин кол алдыңызда иштегендер каршы. 
Жалпы чогулушта өз буйругуңуздун мыйзамдуу экендигин далилдеңиз.

73
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
2-кырдаал:
Сиз мекемеде бухгалтерсиз. Жетекчиңиздин оозеки берген буйруктарын атка-
расызбы же жазуу түрүндө буйрук чыгарышын талап кыласызбы? Түшүндүрүңүз.
 Жазалы
1. Сиз бир министрликти жетектейсиз. Өздүк курамга байланыштуу буйрук чыгарыңыз. 
2.  Эки теманын биринде оюңузду жазыңыз.
Буйрук бергенден көрө, аны аткарган оңой… 
Буйруктарды аткаргандан көрө, буйрук берип коюп отуруу мага абдан жагат…

74
Калия Кулалиева
ПРОТОКОЛ
Протокол маанилүү жана көп киши катышкан жыйындын, чогулуштун, конфе-
ренциянын же бир олуттуу маселе талкуулаган атайын отурумдун өткөрүлүшүн, 
андагы  катышкан  адамдардын  сүйлөгөн  сөзүн  жана  кабыл  алынган  чечимин  же 
токтомун баяндаган документ болуп эсептелет. Протокол толук жана кыскартылган 
түрдө жазылышы мүмкүн. Кыскартылган түрүндө чогулуштагы талкуу бөлүгү алы-
нып салынат да, ал маселе боюнча кабыл алынган чечим гана жазылат.
Протокол төмөнкүдөй түзүмдөрдөн турат:
1. Киришүү бөлүгү;
2. Негизги бөлүгү. 
Бул расмий кагаз ушундай чогулуштун кайда, качан өткөрүлгөндүгү, катыш-
кандардын  саны  менен  жеке  аты-жөнү,  жыйындын  төрагасы,  катчысы  жана  күн 
тартибин  көрсөтүү менен башталат. Бул протоколдун кириш бөлүгү.
Протоколдун негизги бөлүгү төмөнкү үч бөлүктөн турат.
УГУЛДУ  бөлүгүндө баяндама жасаган адамдын аты-жөнү, кызматы, илимий 
ж.б. даражасы көрсөтүлүп, ал жасаган билдирүүнүн темасы жана анын мазмуну 
кыска, даана текст менен жазылат. Эгер баяндама даяр болуп, жыйындын катчысына 
өткөрүлүп берилсе, «баяндама тиркелет» деп көрсөтүп коюлат.
ЧЫГЫП  СҮЙЛӨГӨНДӨР  бөлүгүндө  жасалган  баяндамага,  билдирүүгө 
карата жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөрдүн сөзү жазылат, алардын оюн бурмалоого 
же  ыксыз  кыскартууга  жол  берилбейт.  Берилген  суроолор,  аны  ким  бергендиги, 
аларга алынган жооптор дагы жазылат.
ТОКТОМ  КЫЛАТ  бөлүгүндө  маселени  талкуулоонун  жыйынтыгы  боюнча 
алынган чечим жазылат. Керек учурда колдогон, каршы, калыстардын саны көр-
сөтүлөт.
Протоколдогу кабыл алынган токтом жыйындын төрагасы менен катчысы кол 
коюп, мөөр басылгандан кийин гана күчүнө кирет.
Жагдай,  зарылдыкка  байланыштуу  протоколдун  көчүрмөсү  колдонулат.  Ал 
тиешелүү адамдардын суроосу боюнча даярдалат. Анда айрыкча зарыл маалымат-
тар – жыйындын төрага, катчысы, катышкандардын саны, күн тартиби көрсөтүлөт. 
Жыйындын төрагасы катчысы кол койгондон кийин, көчүрмөнү даярдаган жактын 
колу коюлуп, көчүрмө анык деген белги урулуп, мөөр басылат.
1. Жаңы сөз жана сөз айкаштарын бөлүп жазыңыз.
2. Протоколдун текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
төрага,  катчы,  катышкандар,  баяндамачы,  суроо,  жооп,  кыскача  мазмун, 
угулду,  токтом  кылынды  (кабыл  алынды),  күн  тартиби,  жактырылсын, 
кайра каралсын, маселе, эсептелсин, сунушталсын ж.б.

75
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
3. Төмөнкү сөздөр кайсы сөздөр менен айкалышып келиши мүмкүн, жазыңыз.
____________________ саны  
баяндамасы ____________________
_______________________ маселе   
деген  суроо ____________________
_____________________ кылынсын   
баяндаманын _________________
 Окуйлу
1. Протоколдун текстинде кездешкен жаңы сөз жана сөз айкаштарына көңүл буруңуз.
2. Кайсы сөз жана сөз тизмектери ар кандай протоколдордо кездешиши мүмкүн, бөлүп жазыңыз.
«Азат» ААКынын
Директорлор кеңешинин жыйынынын
№ 12  П Р О Т О К О Л У
15.04.2011                                                                             Бишкек ш.
Төрагасы: С. М. Дыйканов
Катчысы: Р. Т. Аманов
Катышкандар:  директорлор  кеңешинин  8  мүчөсү:  А.  И.  Астранов,  Г.  Ж. 
Закирова, К. Т. Биримкулов, Ж. Н. Жаныбеков, С. Б. Асеков, А. К. Байзаков, Д. О. 
Жалилов, С. М. Дыйканов.
Келбегендер: –
Күн тартиби:
1. Акционердик коомдун филиалын Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарында 
уюштуруу жөнүндө. Баяндамачы – С. Асеков. 
 2. Уюштуруу иштери.
Угулду:  С. Асеков – баяндаманын кыскача мазмуну.
Чыгып сүйлөгөндөр:
А. Байзаков – баяндаманын кыскача мазмуну.
Д. Жалилов – баяндаманын кыскача мазмуну.
Токтом кылынды:
1.  2011-жылдын  5-июнуна  чейин  филиал  ачууга  байланыштуу  бардык 
документтер даярдалсын (жооптуу – Б. Алиева).

76
Калия Кулалиева
2. 2011-жылдын 25-майына чейин директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айрым 
сунуштары бизнес-планга киргизилсин жана филиалдын толук бүткөн бизнес-пла-
ны ишке ашырууга даяр түргө келтирилсин (жооптуу – С. Асеков).
   
Төрага  (колу)    
 
 
 
С. М. Дыйканов
   
Катчы (колу)   
 
 
 
Р. Т. Аманов 
3. Тексттеги «баяндаманын кыскача мазмуну» дегенге түшүндүрмө бериңиз.
4. Ал баяндамада эмнелер жөнүндө маалымат болушу мүмкүн, жазыңыз.
5. Төмөнкү тексттеги боштуктарды мааниси боюнча туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
Ж. Баласагын атындагы
КУУнун кыргыз ..........................
факультетинин Окумуштуулар кеңешинин
№ 5 протоколунан .........................................
17-март, 2010-ж.                                                                 Бишкек ш.
Жыйынга ............................... Кеңешинин 15 ...................... катышты.
Күн ......................: Ар түрдүү маселелер
Угулду: факультеттин кыргыз тили жана ..................... бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү 
Асел  Каныбек  кызын  бюджеттик  ...........................  аспирантурага  сунуш 
............................... маселеси каралды. 
Бул сунуштун ................................... факультеттин Окумуштуулар кеңеши 
Токтом кылат:
Бүтүрүүчү Каныбек кызы Асел ............................ негиздеги аспирантурада окуу-
га ............................... кылынсын.
 
Факультеттин ......................... кеңешинин төрагасы, ф. и. д. , проф. Ч. Асанов
Окумуштуулар кеңешинин ............................  ф. и. к., доцент Т. Бейшеева
 Грамматика
Сан атооч
Заттын санын, иретин, эсебин, болжолун, тобун, катар тартибин билдирген сөз 
түркүмү сан атооч деп аталат.
Сан атооч түзүлүшүнө карай жөнөкөй (беш, кырк, миң) жана татаал (он беш, 
токсон жети, бир миң эки жүз) болуп, экиге бөлүнөт.

77
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Сан атоочтор маанисине карай алтыга бөлүнөт: 
1. Эсептик сан: үч, элүү, беш миң. Суроосу: канча? нече?
2. Иреттик сан: алтынчы, жүзүнчү. Суроосу: канчанчы?
3. Жамдама сан: бирөө, экөө, жетөө. Суроосу: канчоо? нечөө?
4. Чамалама сан: он-он беш, элүүдөй. Суроосу: канча?
5. Топ сан: үчтөн, беш-бештен. Суроосу: канчадан?
6. Бөлчөк сан: бештен үч, ондон алты, жүздөн жыйырма. Суроосу: канча?
1. Боштуктарга мааниси боюнча туура келген сан атооч сөздөрдү (цифра менен эмес) жазыңыз.
1. Чогулушка катышкандардын саны:  ...................................... .
2. ....................... ............................. бөлүнүп волейбол ойнодук.
3. ............ пункттан турган токтом кабыл алынды.
4. Министрликтен ....................... киши келип катышты.
5. «Ала-Тоодон ............................» деген чыгарманы билесиңби?
6. Келгендердин ........................ ...................... жаштар экен.
7. Анын жашы .................................... барып калыптыр.
8. ................................ Ардак грамота берилди.
2.  Берилген  тексттеги  сан  атоочтордун  түрлөрүн  аныктаңыз,  жазылыш  өзгөчөлүгүнө  көңүл 
буруңуз.
Изилдөөчүлөрдүн ырасташынча, Кыргызстан экономикасы эки урунт учурду 
башынан кечирди. Анын биринчиси – 1991-жылдан 1995-жылга чейинки мезгил-
ди камтыйт. Бул учурда социалисттик чарбалардын ич ара байланыштары үзүлүп, 
Кыргызстан толгон-токой экономикалык проблемалардын төө бастысында калган.
1995-жылы Кыргызстанда өндүрүштүн кедеринен кетүүсү жетер чегине жетип, 
ички дүң продуктынын көлөмү 1990-жылга салыштырганда 50%дан ашуун төмөн 
түшкөн.  1996-жылдан  тарта  гана  экономикалык  жандануунун  айрым  белгилери 
көрүнө баштаган. Бул мезгилде инфляция деңгээли кыйла төмөндөгөн. 1996-жылдан 
2002-жылга чейин ички дүң продуктунун жылдык орточо өсүшү 5%ды түздү. 
3. Сөз жана сөз айкаштарына маанилеш (//) жана карама-каршы маанидеги (

) сөздөрдү та-
быңыз.
изилдөөчүлөрдүн ырасташынча //   
 
толгон-токой   
экономикалык жандануу//   
 
 
төмөндө  
башынан кечирди //   
 
 
 
байланыш үзүү 
мезгил//  
 
 
 
 
 
ички байланыш 
4. Төмөнкү сөз айкаштарынын маанисин түшүндүрүп бериңиз.
Төө бастысында калуу:
Кедеринен кетүү: 
Жетер чегине жетүү:

78
Калия Кулалиева
 Жазуу эрежеси
Сан атоочторду жазуу эрежелери
1.  Иретти  көрсөтүүчү  сандар  цифра  аркылуу  берилсе,  цифра  менен  кийинки 
сөздүн ортосунда дефис коюлуп, -ынчы, -нчы мүчөсү жазылбайт: 8-класс, 
1995-жыл, 2010-жылдын  7-8-апрель күндөрү.
2.  Иреттик сандар рим цифрасы аркылуу берилсе, дефис коюлбай, бөлөк жазы-
лат: IV курс, XX кылым, бөлүм.
3.  Иреттик  сан  атоочтордун  ордуна  №  белгиси  коюлса,  андан  кийин  дефис 
белгиси келбейт, анткени № белгисинин өзү иреттик маанини билдирет: 
№ 44 мектеп, № 7 токтом, № 6 бейтапкана.
4.  Чамалама сандардын арасына дефис коюлуп жазылат: 7-8 киши, 10-15 сту-
дент, 40-50 кой.
5.  Сан  атооч  сөзгө  -оо,  -өө  мүчөлөрү  уланганда:  эки+өө=экөө,  алты+оо= 
алтоо түрүндө жазылат.
1. Цифра менен жазылган сөздөрдү туура окуңуз. Сан атоочтордун жазылыш өзгөчөлүктөрүнө 
көңүл буруңуз. Сан атоочтун түрүн аныктаңыз.
Мына  ушул  5%  көрсөткүч  төмөн  түшпөсө  кедейликти  жыл  сайын 
2-3%га азайтуу мүмкүнчүлүгү түзүлөр эле. Бирок буга жетиш үчүн тышкы 
инвестициянын көлөмү ИДПга карата 20%дан кем эмес болушу керек.
2003-жылы  Кыргызстандын  тышкы  карызы  ички  дүң  продуктуга 
карата  87%га  жетти.  2002-жылы  ал  100%га  бир  аз  жете  албай  калган. 
Өкмөт ушу тапта Париж клубуна үмүт артып, карыздарды төлөө мөөнөтүн 
кийинкиге жылдырып коёбу деген суроо менен жашоодо. 2002-жылкы артка 
жылдырылган 3 жылдык мөөнөт деле эмдиги жылы аягына чыгат.
2. Төмөнкү сөз айкаштарынын маанисин түшүндүрүңүз. 
Ички дүң продукту:
Тышкы инвестиция:
3. Өмүр баяныңыздын сан атооч сөздөр катышкан сүйлөмдөрүн терип жазыңыз. Сан атоочтун 
жазылыш эрежелерин түшүндүрүп бериңиз.
4.  Протоколдун  башкы  бөлүгү  берилди.  Аягын  толуктап  жазыңыз.  Сан  атооч  сөздөрдүн 
жазылыш өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруңуз.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети
Чет  тилдер жогорку мектеби
Тил үйрөтүү бөлүмү

79
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Кыргыз тили координаторлугунун кеңешмесинин
 № 22  П Р О Т О К О Л У
   
 
 
 
 
 
25.02.2011  
 
 
 
 
 
Бишкек шаары   
Төрага: Э. Төлөкова   – Кыргыз тилин үйрөтүү координатору
Катчы: Н. Мырзакматова 
 – окутуучу
Катышкандар: 22 окутуучу.
Күн тартиби:
1.  «Тилден  дилге»  кыргыз  тили  окуу  китебинин  көркөм  чыгармалар  боюнча 
окуп  түшүнүү  жана  угуп  түшүнүү  жыйнагын  (улантуучу  топтор  үчүн)  басмага 
сунуштоо.
2. Ар түрдүү маселелер.
Угулду:
 Угалы
1-кѳнүгүү. Протоколду угуңуз. Мазмунун айтып бериңиз. 
2-кѳнүгүү. Протоколдун мазмунун кагазага түшүрүӊүз.
 Сүйлөшөлү
 Сары-Коо айыл өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн Федоровка айылына маданият үйүн куруу жөнүндө 
чогулушун өткөрүңүздөр.
Ролдорду бөлүштүрүп алыңыздар.
 Жазалы
1. Жогорудагы темага байланыштуу өткөн чогулуштун протоколун жазыңыз. 
2. Макалдын маанисин чечмелеп жазыңыз. 
Укпайт деп, ушак айтпа, 
Көрбөйт деп, ууру кылба.

80
Калия Кулалиева
АКТ
Акт – бир  нече киши тарабынан түзүлүп (үчтөн кем эмес), кырдаалды, фактыны, 
окуяны  тастыктоочу  документ.  Акт  мекеме,  уюм,  ишкананын  материалдык, 
чарбалык, менчиктик, финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эсептеп, зарыл учурда алар-
дын пайдаланышын, бар/жоктугун тастыктоочу иш кагазы.
Актты түзүү себептери ар кандай болушу мүмкүн, ошондуктан актынын түр-
лөрү да абдан көп болот. Мисалы: мекеме, уюм, ишкананы жоюу актылары; тапшы-
руу-кабыл  алуу  (жетекчи  алмашкан  учурда)  актылары;  объекттерди  кабыл  алуу 
актылары; тажрыйба өткөрүү актылары, кызмат кылуу мөөнөтү бүткөн документ-
терди жок кылуу ж.б. боюнча актылар.   Акт факты материалдарга гана таянат, ан-
дан юридикалык баа берүү зарылдыгы келип чыкпайт. 
Акт уюмдун жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн атайын комиссия же тек-
шерүүгө юридикалык укугу бар адамдар тарабынан жазылат. Анын ишине текше-
рилип жаткан объектинин жөн-жайын билген, аны менен тааныш болгон адамдар-
дын катышуусу ылайык деп эсептелет.
 
1. Актынын текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
ишти тапшыруу, ишти кабыл алуу, ушул акт түзүлдү, эмеректердин тизмеси, 
буюмдардын тизмеси, техникалык жабдыктар, мүлк, аныкталды, санаганда 
жетпей калды, нуска, даана ж.б.
2. Сөздөрдү туура бириктириңиз.
тарабынан 
 
 
аныкталды
үч 
 
 
 
түзүлдү
ишти тапшыруу 
 
алды
бардыгы  
 
 
нускада
өткөрүп  
 
 
катышкандар
төмөнкүлөр    
 
200 даана 
акт түзүүгө 
 
 
актысы
3. Тексттеги төмөнкү сүйлөмгө түшүндүрмө бериңиз.
Акт факты материалдарга гана таянат, андан юридикалык баа берүү 
зарылдыгы келип чыкпайт. 

81
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Окуйлу
1. Текстти окуп, сан атооч жана энчилүү аттардын жазылыш өзгөчөлүктөрүнө көңүл буруңуз. 
2. Актынын маалым даректерин жазыңыз.
БЕКИТЕМ
Бишкек шаарындагы
№ 1 мектеп-интернатынын 
директору
К. О. Асылбеков
АКТ
10.01.2001                                                                               Бишкек ш.
№ 3 жатакананын комендантынын ишин 
тапшыруу жөнүндө
Негиз: директордун 02.12.2000-ж. № 6 буйругу 
Интернаттын № 3 жатаканасынын мурунку коменданты А. Сариев жана жаңы 
дайындалган комендант Г. Темирова, мектептин бухгалтери С. Жолдошева жана ад-
министративдик чарба бөлүмүнүн иш жүргүзүүчүсү К. Алексеев тарабынан ушул 
акт түзүлдү.
Мектептин № 3 жатаканасынын коменданты болуп иштөөчү А. Сариев ишин 
тапшырды, Г. Темирова өткөрүп алды.
Ишти тапшырууда – кабыл алууда төмөнкүлөр аныкталды:
1. Өткөрүлүп алынган буюмдар: 330 керебет, 200 стол, 680 отургуч, 30 те-
левизор, 2 компьютер, 180 шкаф. Баары жарактуу абалда.
2. 2005-жылдын  1-сентябрына  карата  эсептен  чыгарылган  эмерек 
буюмдардын тизмеси. Алардын бардыгы өз убагында чарба бөлүмүнө 
тапшырылган. 
Тиркеме:
1.  Өткөрүлүп алынган буюмдардын саны жана баасы көрсөтүлгөн тизме 
(6 бет, 3 нуска).
2.  Жатаканада жашаган студенттердин тизмеси (8 бет, 3 нуска).
3.  Акт 3 нускада даярдалды: 1-нуска  бухгалтерияга, 2-нуска А. Сариевге, 
3-нуска  Г. Темировага берилди.
   
Ишти тапшырдым                             
А. Сариев
   
Ишти кабыл алдым   
 
 
Г. Темирова
   
Акт түзүүгө катышкандар     
 
С. Жолдошева
   
 
 
 
 
 
 
К. Алексеев

82

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   10   ...   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет