Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет10/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   19

ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
1.4.  Ведомстволук  архив  өзүнүн  ишинде  Кыргыз  Республикасынын  мый-
замдарын,  «Кыргыз  Республикасынын  Улуттук  архив  фонду  жөнүндө»  Кыр-
гыз  Республикасынын  мыйзамын,  мекеменин  карамагында  түзүлгөн  буйрукта-
рын  жана  көрсөтмөлөрүн,  архив  ишин  башкаруу  республикалык  жана  аймактык 
органдарынын эрежелерин жана нускамаларын жана ушул жобону жетекчиликке 
алат.
1.5.  Ведомстволук  архивдин  документтери,  ошондой  эле  мекемени  кайра 
уюштуруу же жоюу убагында болгон документтер белгиленген тартипте укуктук 
жактан мураскор мекемеге же жогору турган уюмга, алар жок болгон учурда тие-
шелүү мамлекеттик архивге өткөрүлүп берилет.
3. Сөздөргө ылайык келген мүчөлөрдү улап жазыңыз.
2. Архивдин негизги милдеттери
2.1. Өз тармагына тиешелүү бол……. документтерди бир жер…….. топтоо.
2.2. Кыргыз Республикасы………. Улуттук архив фондунун документтер……., 
узак  мөөнөткө  (10  жылдан  жогору)  сакталуучу  документтердин  сакталыш…….. 
жана эсебин камсыз кылуу.
2.3. Архив…… документтери үчүн илимий-маалыматтык аппарат система…….. 
түзүү жана өркүндө………. .
2.4. Документтерди пайдалануу…….. уюштуруу.
2.5.  Мамлекет……..  сактоого  документтерди  даярдоо  жана  өз  убактысында 
өткөр….. бер…….. .
4. Боштуктарга мааниси боюнча туура келген сөздөрдү жазыңыз.
3. Архивдин функциялары
Ведомстволук архив өзүнө жүктөлгөн ……………………… ылайык:
3.1.  Мекеменин  структуралык  бөлүмдөрүнөн  ……………................  кабыл 
алууну жүргүзөт.
3.2. Документтердин сакталышын ……………….. кылат. 
3.3.  Архивде  сакталуучу  документтердин  эсебин  …………….,  документтер 
жөнүндө маалыматтарды …………………… мамлекеттик архивге өткөрүп берет.
3.4. Мекеменин структуралык ……………………. документтердин баалуулугун 
аныктоодо усулдук ……………………. көрсөтөт.
3.5.  Документтер  менен  иштөө  ……………………  ченемдик-усулдук 
колдонмолорду иштеп …………………, ошондой эле структуралык бөлүмдөрдөгү 
делолордун туура бөлүштүрүлүшүн жана сакталышын көзөмөлгө ……………… .
3.6.  Архивдеги  ……………………  илимий-маалыматтык  каражаттар 
……………… жабдыйт, аларды өздөштүрөт ………………… толуктайт.
3.7.  Документтерди  жана  алардын  илимий-………………….  каражаттарын 
белгиленген ………………… мамлекеттик сактоо карамагына өткөрүп …………... .
3.8. Документтерди убактылуу ……………………… берет.

106
Калия Кулалиева
3.9.  Мекемелерден  ……….  жарандардан  түшкөн  суроо-талаптарды 
………………..;  архивдик  маалымат  алууга  тиешелүү  маселелер  ……………… 
кеӊештерди берет.
3.10.  Архив  иши  жана  иш  кагаздарын  ………………….  боюнча  тажрыйба 
алмашуу  жана  кызматкерлердин  квалификациясын  жогорулатуу  ……………….. 
семинарларды жана ………… иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышат. 
5. Белгиленген сөздөргө маанилеш жана карама-каршы маанидеги сөздөрдү табыңыз.
4. Архив ишин уюштуруу
4.1. Ведомстволук архивди жогорку же атайын орто билими жана үч жылдан 
кем эмес иш тажрыйбасы бар адис башкара алат (//) …………………… ………… . 
4.2.  Ведомстволук  архивдин  башчысы  мекеменин  жетекчиси  тарабынан 
дайындалат жана бошотулат ()…………………………………. .
4.3.  Ведомстволук  архивдин  башчысы  архивге  тагылган  милдеттердин 
аткарылышына (//) …………………………. жоопкерчиликте болот.
4.4. Ведомстволук архивдин иш-аракеттери мамлекеттик () …………………. 
архив мекемеси менен тыгыз байланышта жүргүзүлөт.
4.5.  Мекеменин  жетекчилиги  менен  бирдикте  ведомстволук  архивдеги  доку-
менттердин сакталышы үчүн жоопкерчиликте болот.
6. Жобонун маалым даректерин аныктаңыз.
 Сүйлөшөлү
1. Жетекчи жана кызматкерлердин маеги. Ролдорду өз ара бөлүштүрүп алыңыздар.
Мекеме  же  ишканага  келип  түшкөн  каттарга  жооптун  кыргыз  тилинде 
жөнөтүлүшүн камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөрдү сунуштаңыздар. 
2. Макалдардын маанисин чечмелеңиз.
Саны менен бирге даны болсун.
Атты арыганда көр, жигитти карыганда көр.
 
 Угалы
1-кѳнүгүү. Жобонун алгачкы үч пунктун угуп, эмнелер тууралуу сѳз болгонун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Жобонун кийинки пункттарын ѳзүӊүз жазыңыз.
 
1. Ѳткѳрүүнүн тартиби жана шарттары.
 
2. Уюштуруу комитети.
 
3. Кароо-сынактын жыйынтыгы жана жеӊүүчүлѳрдү сыйлоо.

107
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Жазалы
1.  Сүйлөшүүнүн  негизинде  көрсөтмө  жазыңыз.  Иш  кагазынын  бардык  маалым  даректерин 
көрсөтүңүз. 
2. Санаттын маанисин чечмелеңиз:
  Азыраак чыккан чыгымга,
  Азамат болсоң күйүнбө.
  Бекер олжо табылса,
  Пенделик кылып сүйүнбө.
  Эмгексиз бекер тапкандын,
  Эсеби болот түбүндө. 
(Элдики)

108
Калия Кулалиева
ТОКТОМ
Токтом  мамлекеттик  маанидеги  буйрук,  көрсөтмөнү  аткаруу  боюнча  кабыл 
алынган нормативдик документ. Ал республиканын Өкмөтү, министрликтер жана 
ведомстволор,  жергиликтүү  өзүн-өзү  башкаруу  бийликтери  жана  башка  аткаруу 
түзүмдөрүнүн  башкаруу  органдары  тарабынан  пландык  иш-чараларды,  көрсөт-
мөлөрдү ишке ашыруу үчүн чыгарылат.
Токтом  жазуу  формасына,  түзүмүнө  жана  аткаруу  мөөнөтүнө  карай  2  түргө 
бөлүнөт:
1.  Кыска мөөнөттүү токтом (маданий иш-чара, белгилүү күнгө, кампанияларга 
арналган тапшырмаларды аткарууга багытталат); 
2.  Узак мөөнөттө аткарылуучу токтом (узак мөөнөттө аткарылуучу, мамлекеттик 
маанидеги чоң көлөмдөгү иш-чараны аткарууга багытталат).
1. Ишиңизге же окууңузга байланыштуу акыркы чыккан токтомдордун мазмуну тууралуу айтып 
бериңиз.
2. Токтомдун текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
аткарылсын,  милдеттендирилсин,  сыйлансын,  жүктөлсүн,  каралсын, 
түзүлсүн, белгиленсин, иштеп чыксын, жооптуулар, сунуштасын, курамын 
бекитсин,  майрамдоо жөнүндө, өткөрүү жөнүндө, ачуу боюнча, уюштуруу 
жөнүндө, токтом кылат.
3. Айкалыштарды туура табыңыз.
Мыйзам долбоору  
______________________________________________
Атайы комиссия ___________________________________________________
Комиссиянын _____________________________________________________
Ардак грамоталар менен ____________________________________________
_____________________________________________________  белгиленсин.
_____________________________________________________  токтом кылат.
________________________________________________________ жүктөлсүн.
_______________________________________________________өткөрүлсүн.

109
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Окуйлу
1. Токтомду окуп, маалым даректерин аныктаңыз.
Кыргыз Республикасы
Бишкек шаары
Октябрь райондук мамлекеттик администрациясы
№ 43 ТОКТОМ
  10.04.2010   
 
 
 
 
 
Бишкек ш.
Кыргыз Эл акыны Алыкул Осмоновдун
90 жылдыгын өткөрүү жөнүндө
Өлкөбүздүн маданиятына жана адабиятына баа жеткис салым кошкон Кыргыз 
Эл акыны Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгын өткөрүү үчүн Октябрь райондук мам-
лекеттик администрациясы токтом кылат:
1.  Республиканын Эл акыны Алыкул Осмоновдун 95 жылдыгын даярдоо жана 
өткөрүү боюнча иш-чаранын планы иштелип чыгып, бекитилсин.
2.  Райондо акындын китеп көргөзмөсү уюштурулсун, мектептерде А. Осмонов-
дун чыгармачылыгына арналган ачык сабактар өткөрүлсүн. Бул иш-чаралар-
ды аткаруу райондук билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
3.  Мааракеге байланыштуу салтанат, кече, диспуттар өткөрүлсүн;
4.  Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк райондук мамлекеттик админис- 
трациянын башчысынын орун басары С. Салиевге жүктөлсүн.
Райондук мамлекеттик
администрациясынын
башчысы  
 
 
 
 
 
Д. Ш. Бүркүтбаев 
2.  Тексттеги  сөз  жана  сөз  айкаштарына  көңүл  буруңуз.  Маанисин  түшүндүрүп  жазыңыз. 
Сүйлөмдүн ичинде колдонуңуз.
баа жеткис:
салым кошуу:
токтом кылат:
иштеп чыгуу:
бекитүү:
уюштурулсун:
жүктөлсүн:

110
Калия Кулалиева
 Көнүгүүлөр
1. Боштуктарды мааниси боюнча туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
2. Берилген сөздөрдү катыштырып токтомдун текстин түзүңүз.
Кыргыз Республикасы
Ош областтык ...................................... администрациясы
№ 27 ТОКТОМ
20.04.2011 
 
 
 
 
 
........... шаары
Улуу Ата Мекендик согуштагы
Жеңиштин 66 .............................. 
майрамдоо ..................................
Улуу  Ата  Мекендик  согуштагы  Жеңиштин  66  жылдыгына  .............................. 
майрамды өткөрүү ............................... Ош областтык мамлекеттик администрация-
сы ................................ кылат:
1. ( ........ планы бекитилсин)
2.  (сыйлансын)
3.  (жолугушуулар)
4. (көзөмөлдүк)
Областтык мамлекеттик 
администрациясынын    
башчысы  
 
 
 
 
 
Т. Жанызаков
3. Маанилеш жана карама-каршы маанидеги сөздөрдү табыңыз.
согуш   
 
// 
 
 
 
 

сыйла-   
 
// 
 
 
 
 

көзөмөлдө- 
 
// 
 
 
 
 

аткар-   
 
// 
 
 
 
 


111
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Жазуу эрежеси
Йоттошкон ю, я тамгаларынын жазылышы
1. Кыргыз тилинде ю тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. Уңгу сөздөрдө ю – й+у тамгаларынын ордуна жүрөт: куюн, оюн, уюм, чоюн.
2. Аягы й менен бүткөн сөздөргө таандык мүчөлөр же -ын, -ыл, -ыш сыяктуу 
үндүү менен башталган мүчөлөр уланганда тыбыштык йу айкалышы ю тамгасы 
менен берилет: кой+ым – коюм, кой+ың – коюң, той+ун – тоюн ж.б.
3. Аягы й тыбышы менен бүткөн сөздөрдөн кийин созулма уу мүчөсү келген 
учурларда, алардын айкалышы -йуу түрүндө жазылбастан: юу түрүндө жазылат: 
кой+уу – коюу, сой+уу – союу ж.б.
4.  Жазууда  ю  тамгасы  орус  тили  аркылуу  кирген  сөздөрдө  орус  тилиндеги 
маанисин  толук  сактап,  бир  бүтүн  тыбыш  катарында  колдонулат:  бюст,  жюри, 
парашют, бюро ж.б.
2. Кыргыз тилинде я тамгасы төмөнкү учурларда колдонулат:
1. Уңгу сөздөрдө й жана а тыбыштарынын айкалышын билдирет: аяк(айак), 
аянт (айант), баянда (байанда), даяр (дайар) ж.б.
2.  Аягы  й  менен  бүткөн  сөздөрдөн  кийин  а  тыбышы  менен  башталган  мүчө 
уланган  кезде  я  тамгасы  колдонулат:  жай+а+т  –  жаят,  кый+а+быз  –  кыябыз 
(кыйабыз эмес), жый+ар – жыяр (жыйар эмес);
3.  Орус  тили  аркылуу  кирген  сөздөрдө  я  тамгасы  орус  тилиндеги  маанисин 
толук сактап, бир бүтүн тыбыш катарында колдонулат: авиация, акация, галерея, 
снаряд, идея, маяк.
 Көнүгүүлөр
1. Боштуктарга эреже боюнча туура келген тамгаларды жазыңыз.
Кечээ болгон ку...н адамдарды учуруп кетүү коркунучун туудурду. Чет өл-
көдө мыкты иде........лар көп акчага сатылып алынат. Отчёт бергенге да......р 
эместер залдан чыгып кете берсеңиздер болот. Айбанаттар бакчасында а.......... 
бар бекен? Пирмат чоң атанын жүздөн ашык ко........ бар. Ко......... тамактан 
тажаган жоксуңарбы? Кой со.......ну баары эле биле бербейт. Сабырдуу адам 
алтын а.....ктан суу ичет.
2. Берилген сөздөрдөгү боштуктарды туура толуктап жазыңыз жана бул сөздөрдү катыштырып 
сүйлөм түзүңүз.
у....м: 
ба....н
б......ро
а......нт

112
Калия Кулалиева
3. Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?
А) аят, район, тойут
Б) стажёр, соёт, айат
В) чиет, киет, союш
Г) койуу, жоюу, чоюу
 Грамматика
Бөлүкчөлөр
Бөлүкчөлөр  кызматчы  сөздөрдүн  бир  түрү.  Сүйлөмдөгү  сөздөргө  түрдүү  ко-
шумча маанини берет. Бөлүкчөлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү бар: 
1. Күчөткүч: эң, өтө, абдан, аябай;
2. Чектегич: гана, эле;
3. Тактагыч: да, дагы, дале, нак, так, дал;
4. Ырастагыч: ооба, да;
5. Божомолдогуч: го, бейм, белем;
6. Тангыч: эч, турсун, турмак, түгүл, түк, такыр;
7. Сурама: ээ, ыя;
8. Салыштырма: куду, кадим.
1. Мааниси боюнча туура келген бөлүкчөлөрдү жазыңыз. Түрүн аныктаңыз.
......... жаман өзүн мактайт. (Макал)
Бүгүн бөлүмдүн чогулушуна бизден мен ............ барыптырмын.
– ........................, Ырыс, кандай дейсиң?
Май айында ............. күн жааган жок.
......................., ал кезди кантип унуталы.
............................... атасына окшоп сүйлөдү.
Анын бул мекемеге ........................ келгиси жок.
Силер окуянын чоо-жайын жеринен көрүп келдиңер .................... .
Быйыл кыш ............................ суук болду.
2. Элдик ырдын төмөнкү саптарын көркөм окуңуз, талдоо жүргүзүңүз.
Аркардын суусун кечкен бейм,
Алтындан кылган кемерин
Аңтара таштап чечкен бейм?
Айыкпас кесел зарпынан,
Алыстап акем жалпыдан,
Агайын элге чуу салып
Алганына ый салып,
А дүйнө сапар кеткен бейм?
 (Элдики)
1. «Бейм» бөлүкчөсүнүн маанисин аныктаңыз. 
2. «Бейм» бөлүкчөсүнө маанилеш бөлүкчөнү коюп, текстти кайра окуңуз.

113
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
3.  Төмөнкү  сөз  жана  сөз  айкаштарынын  маанисин  түшүндүрүңүз:  зарп,  элге  чуу  салуу,  ый 
салуу, а дүйнө.
3. Берилген бөлүкчөлөрдү катыштырып иш кагазынын стилинде сүйлөмдөрдү түзүңүз: гана, 
дагы, турсун, эң, өтө.
 Грамматика
Модаль сөздөр
Айтылуучу ойдун чындыкка карата болгон ар түрдүү мамилесин сүйлөөчүнүн 
көз карашына ылайык билдирген сөздөр модаль сөздөр деп аталат.
Модаль сөздөр маанисине карай үч топко бөлүнөт:
1. Айтылуучу ойду ырастоо, кубаттоо, бекемдөө маанисиндеги модаль сөздөр: 
албетте, арийне, чындыгында, ырас, сөзсүз, шексиз, тийиш. Арийне, жолугушууга 
барышыбыз керек.
2.  Айтылуучу  ой-пикирге    күнөм  саноо,  болжолдоо,  ишене  бербөө 
маанисиндеги модаль сөздөр: балким, болжолу, чамасы, сыягы, мүмкүн, ыктымал, 
имиш, көрүнөт ж.б. Болжолу,  быйыл анын мында иштегенине 20 жыл болот.
3. Тактагыч модаль сөздөр: көрсө, тура, кыскасы, кана, акыры, мына, айтор 
ж.б. Кана, жолго чыгалыбы жолдоштор.
1. Боштуктарга мааниси боюнча туура келген модаль сөздөрдү жазыңыз.
Эки тараптуу жолугушуу болбой калды ........................ . ............................. 
Алтын  Асылбековичтин  айткандарын  эске  алып,  токтом  чыгарышыбыз 
керек.  Бул  акцияга  борбор  калаабыздагы  бардык  менчик  фирмалар  каты-
шуусу  ...............................  .  Тергөөчүнүн  айткандары  туура  ...................  . 
........................., алдыбызга коюлган ой-максатыбызга жеттик. Жыйындар за-
лына журналисттер киргизилбеши ................... .
2. Тесттик тапшырмаларды аткарыңыз.
1. Сүйлөмдөгү боштукту кайсы сөз менен толуктоого болот?
........................ жооп жазылбайт көрүнөт. 
А) балким
Б) чамасы
В) мүмкүн
Г) кана
2. Берилген сүйлөмгө каршы маанидеги сүйлөмдү аныктаңыз.
Адам деген картайгыч тура бечара. (А. Осмонов)
А) Адам деген өлбөс тура.
Б) Адам деген түгөнгүс тура.
В) Адам деген жашарат тура.
Г) Адам деген жашайт тура.

114
Калия Кулалиева
3. Белгиленген сөз тизмегине маанилеш сөз тизмегин аныктаңыз.
Мамлекеттик  кызматкерлер  акыркы  кабыл  алынган  эрежелерге  ылайык 
иштеши керек.
А) эрежелер боюнча
Б) эрежелер менен
В) эрежелер тууралуу
Г) эрежелерди билип
4. Белгиленген сөздү кайсы сөз менен алмаштырсак, сүйлөмдүн мааниси өзгөрүлбөйт.
Египеттеги пирамидаларды сен эмес, мен да көрө элекмин.
А) да   
 
 
Б) жана
В) түгүл  
 
 
Г) менен
5. Айтылуучу ойго болжолдоо маанисин киргизген сөздөрдүн катарын аныктаңыз.
А) чындыгында, болжолу, чыгар
Б) мүмкүн, кыязы, чыгар
В) чамасы, тийиш, кана
Г) ыктымал, балким, кыскасы
3. Берилген сөздөрдү катыштырып, иш кагаздар стилиндеги сүйлөмдөрдү түзүңүз: 
болжолу, ырас, балким, өңдөнөт, кыскасы.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Токтомдун текстин угуп, мазмунун айтып бериңиз.
2-кѳнүгүү. Уккан текстти жазуу жүзүндѳ чагылдырыңыз.
 Сүйлөшөлү
1. «Артка карап шүгүр кыл, алдыга карап пикир кыл»  деген макалдын мазмунун чечмелеңиз. 
2. Сиздердин коллективде 40 жыл үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыгып жаткан адам-
ды узатууда кандай иш-чаралар өткөрүлөрү жана кандай мазмундагы токтом жазылышы мүм-
күн. 
 Жазалы
1. Талкуунун негизинде экиге бөлүнүп токтом чыгарыңыздар. Кайсы команданын токтому туу-
ра жана мазмундуу жазылса, ошол команда утушка ээ болот. Жеңүүчүнү аныктоодо убакыт да 
эске алынат.
2. Берилген сүйлөмдү улап аңгеме жазыңыз.
Мен бул кесиптешимди такыр түшүнбөйм...

115
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
ЖАРЛЫК
Жарлык  мамлекет  башчысы  тарабынан  чыгарылуучу  ченемдик  же 
индивидуалдык акт болуп саналат. Жарлык менен мамлекеттик орден, медалдар, 
ардак  наамдар,  дипломатиялык  рангдар  ыйгарылат,  өлкөгө  өзгөчө  кырдаалдар 
киргизилет  ж.б.    Жарлык  жалпыга  маалымдоо  каражаттарында  жарыяланат.  Бул 
иш кагаздары ар түрдүү министрликтер, ведомстволор жана башка мекеме, уюмдар 
тарабынан жетекчиликке жана аткарууга алынат. Бул иш кагаздарында мамлекет 
менен  өкмөттүн  маанилүү  маселелери,  мисалы,  жогорку  кызматтагыларды 
кызматка дайындоо же кызматынан бошотуу чагылдырылат. Жарлыкта тиешелүү 
маалым даректер көрсөтүлөт.
1. Жарлыктын текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
Жарлык,  токтом  кылам,  Жарлыкка  ылайык  (келтирилсин,  жүргүзүлсүн), 
жөнүндө,  боюнча,  жүктөлсүн,  өзгөртүлсүн,  баяндалсын,  деп  окулсун, 
жарыяланган күндөн тартып, күчүнө киргизилсин  ж.б.
2.  Берилген сөздөргө жогоруда берилген сөздөрдүн кайсыларын улап жазууга болот?
Кыргыз Республикасынын Президентинин ______________________________
Жарлык __________________________________________________________
КРнын Тышкы иштер министрлигине _________________________________
Бардык иш кагаздары Жарлыкка ______________________________________
Өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү ________________________________
 Окуйлу
1. Жарлыктын маалым даректерин жазыңыз.
2. Жаңы сөз жана сөз айкаштарын бөлүп жазыңыз.
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аталышын
 өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
ЖАРЛЫГЫ
Республиканын саламаттыкты сактоо системасынын жана медициналык или-
минин  өнүгүшүнө  жана  калыптанышына  сиңирген  эмгегин,  жогорку  квалифика-

116
Калия Кулалиева
циялуу медициналык кадрларды даярдоого кошкон зор салымын эске алып, ошон-
дой эле коомчулуктун Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына академик 
Ахунбаев Иса Коноевичтин ысмын берүү жөнүндө сунушун колдоп жана анын  100 
жылдыгынын урматына токтом кылам:
1.  Кыргыз  мамлекеттик  медициналык  академиясына  академик  Ахунбаев  Иса 
Коноевичтин ысмы берилсин жана мындан ары «И. К. Ахунбаев атындагы 
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы» деп аталсын.
2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө: – жогоруда аталган 
окуу жайына И. К. Ахунбаевдин ысмын берүү менен байланышкан маселе-
лерди чечсин;  – өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3.  Бул  Жарлыктын  аткарылышына  кѳзѳмѳлдүк  кылуу  милдети  Кыргыз 
Республикасынын  Президентинин  Администрациясынын  экономикалык 
жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4.  Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти   
 
 
 
...................
 
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 25-сентябры
 Көнүгүүлөр
1. Жарлыкты окуңуз. Энчилүү жана жалпы аттардын жазылышына түшүндүрмө бериңиз.
2. Жарлыкты жазууда маалым даректер кандай тартипте берилерин жазыңыз.
3. Жарлыктын буйруктан айырмасы эмнеде?
О.М. АРТЫКБАЕВ
ЖӨНҮНДӨ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН 
ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
АРТЫКБАЕВ Осмонбек Мамбетжанович Кыргыз Республикасынын энерге-
тика жана өнөр жай министри болуп дайындалсын.
Кыргыз 
Республикасынын
Президенти  
 
 
 
 
 
А.Атамбаев
Бишкек ш., 2013-жылдын 22-майы

117
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
2. Боштуктарга мааниси боюнча туура келген сөздөрдү жазыңыз.
О. М. АРТЫКБАЕВ
...................................
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
................................................
ЖАРЛЫГЫ
 
БАЗАРБАЕВ  Кудайберген  Базарбаевич  Кыргыз  Республикасынын  социал-
дык .................................... министри ............................. дайындалсын.
Кыргыз 
Республикасынын
Президенти  
 
 
 
 
 
А. Атамбаев
Бишкек ш., 2013-.......................... 22-майы
 Жазуу эрежелери
Үндүү тыбыштардын жазылышы
Э тамгасы жазууда төмөнкүчө колдонулат:
1.  Кыргыз  тилиндеги  сөздөрдө  э  тыбышы  сөздүн  башталышында  келсе,  э 
тамгасы  менен,  сөз  ортосунда  жана  сөздүн  аягында  үнсүз  тыбыштардан  кийин 
келген учурларда е тамгасы менен белгиленет. Ал эми созулма түрү бардык учурда 
ээ болуп жазылат.  М.: эгин, элек, бет, кереге, эне, эрте, жээн, жээк, ээ, ээн ж.б.
2. Орус тилинен же орус тили аркылуу чет тилдерден кирген бир катар сөздөрдө 
жана  энчилүү  аттарда  айтылыш  өзгөчөлүгүн  белгилеп  көрсөтүү  максатында    э 
тамгасынын жазылышына жол берилет: экзамен, экспедиция, аэропорт, поэзия, 

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   6   7   8   9   10   11   12   13   ...   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет