Зордук-зомбулукту


Ичкиликти,  баңги  заттарды  колдонуу  же  куралдын  болушу



Pdf көрінісі
бет4/18
Дата15.03.2017
өлшемі4,11 Mb.
#9491
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18

Ичкиликти,  баңги  заттарды  колдонуу  же  куралдын  болушу:  зомбулук 
көрсөтүүчүлөр  башка  окуучуларга  караганда  көбүрөөк  спирт  ичимдиктерин 
колдонушат жана жанына курал алып жүрүшөт
22
; мындан тышкары. Алкогол-
дук  же  наркотикалык  мас  болуу  абалынан  башка  учурларда  аффективдик 
реакцияларды күчөтөт, ал эми куралдын болушу оор жараттардын тобокелин 
жогорулатат.  
 
Социалдык факторлор   
Билим берүү мекемелериндеги зомбулуктун мүнөзү жана жайылышы жалпы эле 
коомдогу зомбулукту чагылдырат, ал өз учурунда, социалдык-экономикалык жана сая-
сий шарттарды, маданий нормаларды, салттарды жана баалуулуктарды, мыйзамдар-
ды жана алардын сакталышын чагылдырат.   
Социалдык жана экономикалык тењсиздик
 – бул билим берүү меке-
месиндеги  зомбулуктун  жана  кодулоонун  дагы  бир  жайылган  себеби.Жакшы  камсыз 
болгон же жогорку социалдык статустагы үй-бүлөлөрдөн чыккан окуучулар аз камсыз 
болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан окуучуларга теңине албагандык менен мамиле жасашат. 
Мигранттар жана этникалык азчылыктын өкүлдөрү мектепте башкаларга караганда кө-
бүрөөк кодулоого туш болушат. Өз учурунда, башкалар теңине албаган балдар өздө-
рүнүн таарынтуучуларына физикалык зомбулук менен жооп беришет. Маргиналдашкан 
балдар  жана  өспүрүмдөр  үчүн  башкаларга  карата  жасаган  физикалык  кысымы  жана 
психологиялык басымы социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүүнүн жана өзүн-
өзү ырастоонун ыкмасы болуп келет.   
Көпчүлүк эксперттердин ою боюнча,  Кыргызстандагы балдарга карата зомбулук-
тун негизги себептеринин бири болуп калктын кыжырдануусуна жана деградациясына, 
ошондой эле жогорку жумушсуздукка алып келген, анын азабынан кыргызстандыктар 
өз  балдарын  карып  калган  ата-энелеринин,  туугандарынын,  аз  тааныш  адамдардын 
кароосуна калтырып, акча табыш үчүн кетүүгө аргасыз кылган,  жакырчылык саналат. 
Ата-энелердин башка категориясы, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдөн улам, 
алкоголь ичип жана жиндерин балдарынан чыгара башташат.  
Гендердик кљрїнїштљр
  -  далай  ирет  билим  берүү  мекемесиндеги  зомбу-
луктун себеби болуп чыгат. Эркектердин бийик болушу жана аялдардын баш ийип ту-
рушу  тууралуу  салттык  көз караштар  кыздарга  карата  гендердик  зомбулуктун  себеби 
болуп чыгат. Чыныгы же таңууланган сексуалдык багытталма жана/ же гендердик ок-
шоштук  көптөгөн системалуу түрдөгү кемсинтүүлөрдүн, өспүрүмдөрдү дайыма кайта-
лануучу жана улануучу кодулоонун негизинде жатат.  Шылдыңдын, кодулоонун, физи-
калык  жана  сексуалдык  зомбулуктун,  анын  ичинде  зордуктоого  чейинки зомбулуктар-
дын, объекттери, эреже катары, өз курдаштарына караганда физикалык жактан начар 
жетилген,  жүрүм-туруму  кайраттуулук  жана  “туура”  мырзалык  жүрүм-турум  жөнүндөгү 
                                       
22
 Бүткүл  дүйнөлүк  саламаттыкты  сактоо  уюмунун  Европалык  аймактык  бюросу  (2012).  «Мектеп  курагындагыбал-
дардын  саламаттыкка  карата  мамилеси»  изилдөө:  изилдөөнүн  жыйынтыктары  боюнча  эл  аралык  жыйынтык  маа-
лымат. 2009/2010-жж. 
25

кеңири тараган көз караштарга төп келбеген, жүрүм-турумдагы эркек балдар болушат. 
Мындай зомбулукка, тышкы келбети жана жүрүм-туруму кыздар жана назиктик жөнүн-
дөгү “салттуу” караштарга төп келбеген же аларды “туура эмес” сексуалдык багыттал-
мадагы адам катары шек саноого мүмкүндү берген, кыздар да туш болушат. Зомбулук 
мындай учурларда дайыма кайталануучу мүнөздө болуп калат, себеби жабырлануучу 
каршылык көрсөтө албайт жана өзүнүн гендердик төп келбегендиги үчүн айыптоодон 
жана мурункудан да чоң зомбулукка кабылуудан кооптонуп, арыздануудан коркот. Көп 
учурда  гендердик  зомбулук  гендердик  төп  келбеген  окуучуларга  карата  билим  берүү 
мекемесинин жетекчилиги, окутуучулары, кызматкерлери тарабынан жасалган дискри-
минациялык мамилелер менен көкүтүлөт. 
Билим берїї мекемесинин жайгашкан жери
  да  андагы  зомбулук-
тун жайылыш даражасына таасирин тийгизет. Шаардын же айылдын социалдык жак-
тан  жакшы  эмес,  кылмыштуулук  абалынын  өтө  жогорку  деңгээли  белгиленген  райо-
нунда жайгашкан мектептерде зомбулук актылары көбүрөөк жасалат. 
Массалык-маалымат  каражаттарында  зомбулукту  кљп  ирет 
кайталоо жана кљрсљтїї,
 кинодо жана жарнамада зомбулукту бийик тутуу, по-
пулярдуу  компьютер  оюндарында  зомбулук  камтылган  сюжеттерди  колдонуу  жана 
порнографиянын көзөмөлсүз жайылтылышыжалпы эле адамдардын, жана балдар ме-
нен  өспүрүмдөрдүн  да  агрессивдүүлүгүн  жогорулатат.  Эрезеге  жете  элек  балдар  – 
массалык-маалымат каражаттарын, оюн-зоокторду жана жарнаманы керектөөчүлөрдүн 
эң  маанилүү  бөлүгү. Изилдөөлөр  көрсөткөндөй,  массалык-маалымат  каражаттарынан 
элес  сүрөттөрдү  кабыл  алуу  балдардын  досторуна  жана  классташтарына  карата  аг-
рессивдүү жүрүм-турумун жогорулатат.  
Жогоруда саналып өткөн факторлордун бири да, өзүнчө болгондо, эмне үчүн бир 
адам  өзүн  мынчалык  агрессивдүү  алып  жүргөнүн,  ал  эми  экинчиси  андай  эмес 
экендигин,  же  эмне  үчүн  бир  окуу  жайда,  экинчисине  караганда  зомбулук  актылары 
көбүрөөк жасалгандыгын, түшүндүрүп бере албайт. Билим берүү мекемесиндеги зом-
булук – бул инсандык, үй-бүлөлүк жан социалдык факторлордун татаал өз ара араке-
тинин  натыйжасы.  Бул  факторлордун  баары  конкреттүү  мектептеги  зомбулук  менен 
байланышканын түшүнүү – анын алдын-алуу, токтотуу үчүн маанилүү кадам.  
Балдарга карата зомбулукту түп-тамырынан бери жок кылуунун негизги тоскоол-
дугу болуп, ага мурункудай эле жол бериле бериши саналат. Кыргызстанда, эгер ба-
ланын социалдык статусу төмөн болсо, ал коомдун толук кандуу мүчөсү боло албайт 
деп  эсептелинет.  Коомдо  орун  алган  көз  караш  боюнча,  балага  зомбулук  көрсөтүү  – 
тарбиялоонун  жана  тартипти  кармап  туруунун  кадыресе  0431өлүгү  болуп  саналат. 
Анын  үстүнө,  билим  берүү  мекемелериндеги  зомбулук  фактылары  көп  учурда  жетек-
чилер, педагогдор жана конфликттин катышуучуларынын өздөрү тарабынан жашыры-
лат. Көпчүлүк ата-энелер педагогдордун аракеттерин туура деп эсептешет жана өздө-
рүнүн баласын коргоо максатында эч бир чара көрүшпөйт.  
 
 
 
26

 
1.4. ЗОМБУЛУКТУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ: 
 
 
3-сүрөт. Зомбулуктун катышуучулары 
 
 
 
     
 
 
 
 
 
   
 
 
 
       
 
 
       
 
 
 
             – багытча (стрелка) зомбулук кимден жана кимге багытталгандыгын көр-
сөтүп турат.   
 
Ролдорду бљлїштїрїї 
Билим берүү мекемелеринде болуп жаткан зомбулук, шылдыңдоо жана кодулоо 
актыларында,  эреже  катары, 
зомбулук  көрсөтүүчү  менен  (коркутуучу  же  агрес-
сор) жана жабырлануучу (коркутулган же курмандык) менен катар күбөлөр (бай-
коочулар)  да  катышышат.  Көбүнчө  зомбулук  көрсөтүүчү  тарап  жалгыз  эмес  болот, 
башкы бирөөнүн айланасында жактоочулардын тобу топтолот; зомбулуктук аракеттер 
бир  гана  окуучуга  же  мугалимге  (билим  берүү мекемесинин  кызматкерине)  багыттал-
бастан,  ошондой  эле  бир  нече  тараптарга  багытталышы  ыктымал.  Зомбулук  көрсө-
түүчү  тарап  дайыма эле  өзүнүн  аракеттерин  жашыруун  сактоого  умтулбайт,  тескери-
синче, ал көп учурда эл алдында көрүнүп агрессивдүү алып жүрөт. Эгер зомбулук да-
йыма кайталануучу болуп калса, анда милдеттүү түрдө анын, бир нече адамдан тар-
тып бүтүндөй класска чейин, күбөлөрү болот.  Зомбулуктун демилгечиси катары, зом-
булуктун объекттери катары окуучулар да, ошондой эле билим берүү мекемесинин пе-
дагогдору, жетекчилери жана башка кызматкерлер да чыгышы мүмкүн. 4-сүрөттө зом-
булуктун түрдүү кырдаалдарындагы катышуучулардын сандык бөлүштүрүлүшү берил-
ген.  
 
 
Мугалим, билим 
берүүчү мекеме-
нин кызматкери 
Окуучу же окуучу-
лардын тобу 
Окуучулардын ата-
энелери 
Директор, мугалим, 
билим берүүчү меке-
менин кызматкери 
Окуучу же 
окуучулардын 
тобу 
Окуучулар-
дын ата-
энелери 
Зомбулук кылган 
субъект  
(демилгечи) 
 
Зомбулукка кабылган 
объект  
(жабыр тарткан тарап) 
 
27

 
4-сүрөт. Зомбулуктун катышуучулары:  
зомбулук көрсөткөндөр, жабырлануучулар, күбөлөр. 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
– зомбулук көрсөткөндөр  
– жабырлануучулар       
– күбөлөр            
 
      – багытча (стрелка) зомбулук кимге багытталгандыгын көрсөтөт.   
 
 
Зомбулук көрсөтүүчүлөрдүн арасынан лидер жана зомбулуктук аракеттерге кара-
та оң мамиледе болгон жана аларда активдүү катышкан, бирок зомбулуктун демилге-
чиси болбогон жана жетектөөчү ролду ойнобогон, бир же бир нече жактоочулар бөлү-
нүп  көрүнүшөт.  Зомбулук  көрсөтүүчүлөргө 
анык  жактоочулар  жакындашат,  алар 
зомбулукту  ачык  жана  активдүү  колдошот,  мисалы,  күлкү  менен  же  кырдаалга  көңүл 
бурдуруу  менен,  бирок  өздөрү  ага  катышышпайт,  жана 
пассивдүү  жактоочулар  да 
ыкташат, аларга кодулоо жагат, бирок алар колдоонун ачык белгилерин көрсөтүшпөйт.  
Байкоочулардын  арасынан  көңүл  кош  байкоочуларды  бөлүп  көрсөтүүгө  болот, 
алар  зомбулук  процессине  тартылышпайт  жана  белгилүү  бир  позицияны  ээлешпейт. 
Зомбулук көрсөтүүчүнүн жактоочулары жана көңүл кош байкоочулар көп учурда өздөрү 
курмандыктын ролунда болуудан коркушат, ошондуктан жабырлануучуга карата эч бир 
коргоочу аракеттерди жасашпайт.  
Жабырлануучу  тарапта  ага  жардам  берүү  керек  деп  эсептеген,  бирок  активдүү 
аракеттерди жасоого чечилбеген 
потенциалдуу  (мүмкүн  болгон)  коргоочулар бо-
лушу мүмкүн, ошондой эле жардам берүүгө аракеттенген, зомбулукту токтотууга кий-
лигише алган 
чыныгы коргоочулар да болот.   
Ошентип, жабырлануучунун тегерегинде  зомбулуктун башка катышуучуларынын 
бүтүндөй  тобу  түзүлөт  жана,  эреже  катары,  чоңдордун  кийлигишүүсүз  (билим  берүү 
мекемесинин кызматкерлери же ата-энелердин), потенциалдуу жана чыныгы коргоочу-
лардын арасынан (курдаштар же чоңураак окуучулардын)зомбулук көрсөтүүчүнүн жана 
анын жактоочуларынын аракеттерин бөгөттөө үчүн жетишээрлик күчтүү тараптар бол-
бой калганда, зомбулуктун айлампасын үзүүгө мүмкүн болбогон өз ара мамилелердин 
системасы түзүлөт. 5-сүрөттө зомбулуктун катышуучуларынын ортосундагы өз ара ма-
милелер схемалык түрдө берилген.  
 
 
 
28

5-сүрөт. Зомбулуктун катышуучуларынын ортосундагы мамилелер 
 
 
 
Зомбулуктун түзүлүшүндө окуучунун туруктуу ролу класстын түзүлүшүнөн көз ка-
ранды: ал канчалык катуу болсо, окуучуга өз ролунан кутулуу ошончолук кыйын болот. 
Зомбулук  түзүлүшүндө  төмөнкү  класстагы  бекилип  калган  ролдук  позициялар  көп 
учурда мектепти аяктаганга чейин сакталып калат.   
 
Инсандык мїнљздљмљлљр  
Билим  берүүчүлүк  мамилелердин  катышуучулары,  кандайдыр-бир  артыкчылык-
тар жок эле, кырдаалга жараша, зомбулукка катышып калышы ыктымал. Ар бир окуучу 
зомбулуктун потенциалдуу жабырлануучусу, зомбулук көрсөтүүчү же анын күбөсү бо-
лушу мүмкүн. Ошого карабастан, зомбулук көрсөткөн тарап үчүн, жабырлануучу жана 
окуянын күбөлөрү үчүн мүнөздүү болгон эң эле типтүү инсандык өзгөчөлүктөрдү бөлүп 
көрсөтүүгө болот.   
 
Зомбулук кљрсљткљндљр 
Эреже катары, зомбулук көрсөткөн тарап болгон балдар, - бул өздөрүнө ишенген, 
топто  башкарууга  жана  башкаларды  баш ийдирүүгө  шыктуу,  моралдык  жана  физика-
лык жактан күчтүү, эмоционалдык импульсивдүү жана тез эле каарданууга жана агрес-
сияга өтүп кеткен, өз курмандыктарына карата эмпатиянын төмөн деңгээлине ээ бол-
гон,  көп  учурда  өз  теңтуштарын  жана  өзүнөн  кичүүлөрдү  гана  “бурчка  такабастан”, 
ошондой эле чоңдорду да (мугалимдерди, ата-энелерди, тартипти сактоо органдары-
нын  өкүлдөрүн)  кыжырданткан  балдар.  Үй-бүлөлүк  абалдын  начардыгы,  ата-энелер 
менен  болгон  оор  мамилелер,  окууга  болгон  жетишүүчүлүк  жана  жакшы  үй-бүлөдөн 
Жабырлануучу 
 
Зомбулук 
көрсөткөндөр 
 
Жолун 
улантуучу жана 
чыныгы 
жактоочу 
Пассивдүү 
жактоочу 
Кө
ӊүл кош 
күбө 
Потенциалдуу 
коогоочу  
Чыныгы 
коргоочу 
 
29

чыкканийгиликтүүрөөк балдарга карата көз артуулар менен шартталган тынчсыздануу 
доминанттык  балдардын  статусуна  коркунуч  жаратышыш  мүмкүн.  Зомбулукка  кайры-
луу мындай балдар үчүн класстагы же топтогу, мектептеги же окуу жайдагы өз стату-
сун  күч,  мугалимдердин  чакыруусу,  курдаштарын  же  кичинекейлерди  кемсинтүү,  ал 
эми  айрым  учурларда  жогорку  класстын  окуучуларын,  баардыгын  коркуу  абалында 
кармап туруу менен, бекемдөөгө мүмкүндүк берет. Алар өздөрүнүн жазаланбастыгына 
ишенишет,  жана  аларга  өз  күчүн,  бийлигин,  “кыйындыгын”  көрсөтүү  үчүн  күбөлөр  ке-
рек. Көп учурда зомбулук көрсөтүүчүлөрдүн кумирлери – мыйзамдан, жүрүм-турум жа-
на мораль нормаларынан жогору болгон “күчтүү инсандар”.  
 
Жабырлануучулар  
Зомбулук көрсөтүүчүлөргө карма-каршы зомбулуктан жабыр тарткандарга, өзүнө 
ишенбестик, өзүн барктабагандык, турмуштун кыйынчылыктарына жана стресстерине 
өтө сезимтал болуу, жогорулатылган инсандык жана кырдаалдык тынчсыздануучулук, 
зомбулукка  каршылык  көрсөтө  албоо,  өзүн  коргой  албоо  жана  теңтуштар  менен  на-
тыйжалуу  сүйлөшө  албоо  мүнөздүү.  Көп учурда  –  бул  физикалык  начар  жетилген же 
коркок балдар жана өзүнө болгон ишенимин көрсөтө албаган жана коркуу жана тынч-
сыздануу сезимин жарыла албаган өспүрүмдөр  
Зомбулукту  баланын  же  өспүрүмдүн  ар  түрдүү  өзгөчөлүктөрү  көкүтүшү  мүмкүн: 
физикалык  кемчиликтер  (кекечтенүү,  чалыр  көздүүлүк,  начар  угуу,  кыймылдык  бузу-
луулар);  дене  түзүлүшүнүн  өзгөчөлүктөрү  (ашыкча  салмактуулук  же  өтө  арык  болуу, 
мурундун, кулактын формасы, чачтын өңү, бойдун өтө кичинекей же өтө узун болушу); 
жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү (сүйлөшүүдөн качуу, түнттүүлүк, уяңдык шалаакылык, жаш-
тардын  кайсыл-бир  субмаданиятына  тиешелүүлүк,  гендердик  төп  келишпөө);  этника-
лык тиешелүүлүк (теринин өңү, көздүн тилкеси, тилдик акцент, улуттук кийим ж.б.); со-
циалдык-экономикалык статус (үй-бүлөлүк абалдын оң эместиги, мисалы, ичкилик ич-
кен  ата-энелер,  үй-бүлөөнүн  кирешесинин  аздыгы,  абройлуу  буюмдардын  жоктугу 
ж.б.); окуудагы көрсөткүчтөрдүн жогорку жетишкендиктери же төмөнкү даражасы, анын 
ичинде жетилүүдөгү бузулуулар. Сабактагы жогорку жетишкендиктерге ээ болгон жана 
таланттуу балдарга карата кемсинтүүчү жана кордоочу аттарды берүүдө, акцент баа-
рынан мурун алардын таланттуулугуна эмес, тышкы келбетинин же жүрүм-турумунун 
өзгөчөлүктөрүнө: “очкарик”, “ботаник” жасалат.  
Класста же топто жакын достору жок жана окуучулук жамааттын күчтүү жана жо-
горку статустагы мүчөлөрү тарабынан табигый социалдык колдоого ээ болбогон окуу-
чулар, башкаларга караганда көбүрөөк зомбулуктун объектиси болушат, себеби, зом-
булуктун объектиси теңтуштардын коргоосуна жана колдоосуна таяна алышпайт.  
Мындан тышкары, мугалимдер жана билим берүү мекемесинин башка кызматкер-
лери тарабынан этибар албаган мамиле жасалган балдардын зомбулуктун курманды-
гы  болуу  коркунучу  бар.  Айрым  окуучуларга  карата  чоңдордун  ачык  жактырбоосу, 
алардын  дискриминациялык  мүнөздөгү  кемсинтүүчү  сөздөрү  жана  аракеттери,  ошол 
окуучуларды куулган балдардын катарына коюп, аларды зомбулуктун жана кодулоонун 
бутасына айлантат.   
 
Гендердик љзгљчљлїктљр 
Дээрлик бардык өлкөлөрдө эркек балдар кыздарга караганда зомбулук кырдаал-
дарына  –  мушташтарга,  кодулоого,  түз  буллингке  -  зомбулук  көрсөтүүчүнүн  ролунда 
да, жабырлануучунун ролунда да, күбөнүн ролунда да - көбүрөөк аралашышат. Эркек 
балдар  физикалык  агрессияга  көбүрөөк  барышат,  ал  эми  кыздар  болсо  вербалдык 
30

зомбулукка  ыкташат.  Бул  эркек  балдар  менен  кыздардын  гендердик  социалдашуусу-
нун өзгөчөлүктөрү менен байланышкан. 
Кичинекей куракта  агрессивдүү  балдарды  (эркек  балдар  да, кыздар  да) курдаш-
тары бөлүп салышат. Бирок кичи өспүрүм куракта эркек балдардын башка эркек бал-
дардын арасындагы популярдуулугу анын физикалык күчү, өжөрлүгү, “кыйындыгы” ме-
нен аныктала баштайт. Физикалык басымдуулук – бул эркек балдар чөйрөсүндө нор-
мативдик өз ара мамилелердин өзгөчө формасы. Орто өспүрүм куракта кыздардын кө-
ӊүлүн физикалык жактан жетилген, өздөрүн кыйынсынып алып жүргөн уландар кызык-
тырат; алар карма-каршы жыныстагылар менен баарлашуу жана достошуу тажрыйба-
сына  да  эртерээк  ээ  болушат,  сексуалдык  байланыштарга  да  эртерээк  киришишет. 
Ошентип, эркек балдардын агрессивдүү жүрүм-туруму кандайдыр бир деңгээлде кур-
даштарынын социалдык күтүүлөрү тарабынан стимулдашып турат.  
Ошол эле учурда, кыздар тарабынан көрсөтүлгөн агрессия кыздар арамында да, 
ошондой эле эркек балдар арасында да алардын популярдуулугун азайтат. Ошондук-
тан  кыздар  көбүнчө кыйыр  формадагы  буллингке  барышат.  Алардын  агрессиясы  жа-
шыруун формада жана негизинен вербалдык мүнөздө болушу мүмкүн. Алар шылдың-
дашат, манипуляциялашат, ушактарды таратышат, курмандыкты аралашкан чөйрөсү-
нөн чыгарып таштоо үчүн шарттарды түзүшөт, башка балдарды да тукурушат.  Назик-
тик  тууралуу  салттуу  көз  караштардын  таасириастында  кыздар  өзүнүн  “алсыздыгын” 
жана “жардамга муктаждыгын” өздөрүнө балдардын көӊүлүн бурдуруу үчүн гана эмес, 
ошондой эле алардын коргоочу жана колдоочу катары чыгуу ниеттерин билүү менен, 
балдарды үчүнчү тараптарга каршы физикалык зомбулукту жүзөгө ашырууга тартышы 
мүмкүн. А бирок бул кыздар өздөрү мушташпайт жана балдарга кол салбайт дегенди 
билдирбейт.  
23
 
 
 
Аны  менен  катар  зомбулук  көрсөткөн-кыздар  агрессиялык  жүрүм-турумдарын, 
ата-энелердин терс көз карашынан улам жана мугалим тарабынан зомбулукка карата 
мамиледен  улам,  коррекциялоого  шыктуураак  болушат.  Зомбулуктан  жабыр  тарткан 
кыздар, балдарга караганда, үчүнчү тараптардын жардамын издөөгө жана алууга ба-
гытталган, ошондой эле алар баштарынан кечирген зомбулук тууралуу чоңдорго көбү-
рөөк айтып беришет.  
Гендердик  тиешелүүлүктүн  калыптанышы  эрте  жашта  башталар  жана  балдарга, 
же кыздарга карата тиешелүүлүк субъективдүү сезимден көрүнөт. Үч жашка келгенде 
эркек балдар эркек балдар менен, ал эми кыздар менен ойногонду каалашат. Кичине-
кей  өспүрүм  куракта  балдар  өздөрүнүн  дене  булчуңдарын  бардык  феминисттиктен  – 
кыздардан, алардын баарлашуу манерасынан, жүрүм-турумунан, кызыкчылыктарынан 
обочолонуу аркылуу түзүшөт. Мындай көз караштын жүрүм-турум деңгээлинде бекем-
делиши кыздардын гендердик дискриминациясына алып барат жана, анын натыйжасы 
катары,  сексуалдык  зомбулукту  көкүтүшү  мүмкүн.  Жаш  уландын  зомбулук  көрсөтүүчү 
катары жүрүм-туруму “чыныгы мырза” образы аркылуу социалдык колдоого ээ болгон-
до,  мындай  жаш  жигит  кийин  кыздар  менен  жыныстардын  теңдиги  шартында  өз  ара 
аракеттеше албайт тургандыгынын, ал эми келип чыккан конфликттерди (мисалы, үй-
бүлөдө) күчтүн жардамы менен чечет деген коркунуч жогорулайт.   
                                       
23
 Казакстандын мектептеринде балдарга карата зомбулукту баалоо. 2013. 
“Кыздар бири-биринен ачка талап кылышат жана мушташтарды башташат.  
Алар жөн эле мушташышат жана бири-бирин чачтан алып мушташышат, жана да 
кол менен урушат, беттерди тытышат”.
23
 
31

Курактык айырмачылыктар  
Зомбулукка  карата  (инициациялар  жана  реакциялар,  формалар  жана  түрлөр) 
түрдүү курактагы балдар менен өспүрүмдөрдүн жүрүм-туруму айырмаланат.  
Орто жана жогорку өспүрүм курактагы балдар арасында зомбулуктун өтө көп кө-
рүнүшү  бул  куракта  балдарда  теңтуштардын  жүрүм-турумуна  жана  ойлоруна  багыт 
алуу  менен  жана  чоңдордун  авторитетинин  –  үй-бүлөнүн,  педагогдордун  авторитети-
нин төмөндөшү менен түшүндүрүлөт. 10-12 жаш курактан баштап эмоционалдык зом-
булук  басымдуу  болот.  Ошол  эле  куракта,  14-16  жаштагы  (эркек  балдар  үчүн  17-18 
жашка чейин) куракка мүнөздүү болгон, физикалык зомбулук да байкалат. Жыныстык, 
этникалык жана диний белгилери боюнча дискриминациялоо, эреже катары, 14-15 жаш 
куракта байкала баштайт. Болжол менен ошол эле курактагы эркек балдар менен кыз-
дардын  ортосундагы  “мыктылардын”  популярдуулугу  жогорулайт,  ал  агрессивдүү  жү-
рүм-турумдун өсүшүнө алып барып такайт.    
А  бирок,  зомбулуктун  айрым  учурлары,  анын  ичинде,  буллинг  мектепке  чейинки 
да, жана баштапкы мектеп  курагында да байкалууда, бул балдар бакчасында жакшы 
оюнчуктар, ойноо орду, оюн ишмердүүлүгүндө ролдук позиция, ал эми баштапкы мек-
тепте – окуу ишмердүүлүгүн жардамдашуу үчүн, мугалимдердин жана популярдуу тең-
туштардынкөңүлү үчүн атаандаштык процессинде келип чыккан социалдык иерархия-
нын калыптанышы менен түшүндүрүлөт. 
 
1.5. ЗОМБУЛУК КЉРСЉТЇЇ ФАКТЫЛАРЫНА ЖООП 
КАЙТАРУУ ЖАНА АНЫН КЕСЕПЕТТЕРИ  
 
Мыйзамдык негизде жљнгљ салуу  
Борбордук  Азия  өлкөлөрүндө,  анын  ичинде  Кыргыз  Республикасында  да,  билим 
берүүчү  мекемелер  билим  берүү  жөнүндөгү  улуттук  мыйзамдарга  жана  балдардын 
укуктарын  корго  жөнүндөгү  мыйзамдарга  ылайык  билим  берүү  процесси  учурунда 
окуучулардын жана окуу жайдын кызматкерлеринин өмүрү жана саламаттыгы, укукта-
рын  жана  эркиндиктерин  коргоо  үчүн  жоопкерчиликте  болот.  Билим  берүү  мекемеле-
ринде ур-сокку менен жазалоолорго жол берилбейт, дисциплинардык чаралар тарбия-
лык  жана  коррекциялык  мүнөзгө  ээ  болушат,  уставдар  жана  жүрүм-турум  эрежелери 
окуу жайларда зомбулуктук жана башка абройду кемсинтүүчү жана адамдын өмүрүнө 
зыян келтирүүчү аракеттерге жол бербейт.  
Кыргыз Республикасы Балдардын укуктары жөнүндөгү Конвенцияга кошулган жа-
на балдарды коргоо боюнча, анын ичинде мектептик зомбулуктан коргоо боюнча,  бар-
дык нормалардын аткарылышы боюнча милдеттемелерди кабыл алган.   
Балдардын укуктарын камсыздоо жана коргоо Кыргыз Республикасынын Консти-
туциясы тарабынан каралган. Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоо боюнча маа-
нилүү мыйзамдык акты болуп, 2006-жылдын 7-августунда кабыл алынган, Кыргыз Рес-
публикасынын Балдар жөнүндөгү Кодекси саналат. Кодексте төмөндөй деп көрсөтүл-
гөн:  “билим  берүүчү  мекеме  окуучунун  укуктарын  жана  эркиндиктерин  жана  кадырын 
эске алуу менен, кордоону жана кемсинтүүнү жокко чыгарган, тарбиялык мүнөздөгү ча-
ралар менен тартипти жана дисциплинаны камсыздайт”. Кодекс балдарды жазалоонун 
бардык  денеге залака  келтирген  формаларына тыюу  салат:  денеге  залака  келтирген 
учурда, жазалоону жүзөгө ашырган тарап, ошондой эле билим берүү мекемесинин же-
текчиси КРнын Мыйзамдары тарабынан каралган жоопкерчиликти көтөрүшөт”. Кодекс-
те ошондой эле  балдардын укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү 
органдарынын  негизги  милдеттери  аныкталган.  Балдардын  жеке  кадырын  кордоого 

Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   18




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет